Биз менен байланышыңыз

Баткенге Таластан 3 фура жардам жөнөтүлдү

Кыска кабар | 11 мая 2021 | 480 | 0

Баткендеги чек ара жаңжалында жабыркагандарга ар кайсы аймактардан жардам берип, колдоо көрсөтүүлөр уланууда. Кечээ, 10-майда Талас шаарынан Баткен элине 3 фура курулуш материалдары жана азык-түлүк жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Бакай-Ата районунун Май, Өзгөрүш айылдарынын тургундары 32 тонна цемент, 20 куб тилинген тактай, 20 тонна азык-түлүк чогултуп беришти. Өкүлчүлүк 1 тонна 200 литр күйүүчү май жөнөттү.

«Биздин элдин ишеничин актап, бизге келген аманаттарды дарегине жеткирүү үчүн иш алып баруудабыз. Эми чогултуу иш-чарабызды жыйынтыктап, жалпы элге ыраазычылык билдирүү менен жардам чогултуу боюнча талап болбосо токтотобуз. Ошондой эле кандай учур болбосун, ынтымакта эл-жер үчүн иш алып барууну улантабыз», — деди Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Бакытбек Нарбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM