Биз менен байланышыңыз

БУУ чек арада жабыркагандарга жардам берет

Кыска кабар | 11 мая 2021 | 409 | 0

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев БУУнун Кыргызстандагы өкүлү Озанниа Ожиело менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар тажик аскерлеринин кол салуусу учурунда кыйраган Баткен облусунун айылдарын кайрадан калыбына келтирүү боюнча биргелешкен кадамдарды талкуулашты.

Озанниа Ожиело БУУ тарабынан гуманитардык команда түзүлүп, жапа чеккен жарандардын муктаждыктарын аныктоо үчүн Баткен облусуна барып келишкенин маалымдады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM