Биз менен байланышыңыз

«27 мектеп куруу» долбоору: Кара-Суу районундагы мектептин курулушу аяктады

Кыска кабар | 11 мая 2021 | 406 | 0

«27 мамлекеттик мектепти куруу» долбооруна кирген Ош облусунунун Кара-Суу районундагы №42 мектептин курулуш иштери 99%га аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.

225 орунга эсептелген мектепте учурда аймакты жашылдандыруу, ашканасына жана класстык бөлмөлөрүнө жабдууларды, эмеректерди коюу иштери жасалып жатат.

Белгилей кетсек, курулуш иштери быйылкы жылдын январь айында башталган. Мектеп «27 мамлекеттик мектепти куруу» долбоорунун алкагында Сауд Өнүктүрүү фондунун насыялык эсебинен каржыланып жатат. Сметалык баасы 890 миң 800 доллар деп эсептелип, бул аралыкка чейин фонд тарабынан 513 миң 258 доллар бөлүнгөн.

Мектептин ачылышы май айынын аягында өтөрү белгиленди.

Аталган долбоордун алкагында 27 мамлекеттик мектепти куруу каралган. Алсак, Ош облусунда — 6, Чүй облусунда — 7, Ысык-Көл облусунда — 3, Жалал-Абад облусунда — 3, Нарын облусунда — 3, Баткен облусунда — 3, Талас облусунда — 2, жалпысынан 7 миң 625 орундуу мектеп салынып баштады. Иш-мерчемге ылайык Кочкор районунун Бугучу айылындагы, Кара-Суу районунун Маданият айылындагы, Араван районунун Чек-Абад айылындагы, Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылындагы мектептердин курулуш иштери ушул жылдын аягына чейин толук аяктамак.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM