Connect with us

Ош шаарынын таза суу көйгөйү качан чечилет?

Коом , Экономика | 11 Май 2021 | 4132 | 0

Жазгы кара жамгыр, жайкы ак жаан — Ош шаарынын көйгөйү. Себеби жаандын айынан шаарга бир нече күн таза суу берилбей калган учурлар көп болот.

Бул көрүнүш быйыл да кайталанып, катуу жаандан Папан суу сактагычына жакынкы жылгалардан кыян жүрүп, Ак-Буура дарыясы ылайланып, Ош шаарына таза суу берүү токтотулду. Бул маалыматты Ош мэриясынын басма сөз кызматы тастыктады.

«Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Папан суу сактагычына жакынкы жылгалардан кыян жүрүп, Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогору болгондугуна байланыштуу Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивдеринен башка аймактарына таза суу берүү токтотулган. Бирок учурда суу мурдагы тартип менен берилип жатат». 

Бүгүнкү күндө Ош шаарында таза суу маселеси курч бойдон. Анткени калаада ичүүчү суу ачык суу сактагычтан алынгандыктан, жаан жааганда таза суу берүү токтотулат. Шаардын бул көйгөйүн чечүү учурдун талабы экенин эркин журналист Ыдырыс Исаков баса белгиледи.

Анын айтымында, буга чейин Ош шаарын үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу максатында эки ирет долбоор иштелип чыккан. Бирок тилекке каршы, ал демилге ишке ашпай калган.

«Оштун шартын билбеген, тээ борбордо жылуу бөлмөдө олтурган Долбоорлоо институту деген бар. Бул жер мына ошолор чийип берген долбоор боюнча курулган. Бул жерге бир эмес, эки жолу донорлор уюмунун жардамы тийген. Ошол эки жолу тең донорлор каржылашкан. Курулгандан кийин канча каражат кеткенин так билбейм. Долбоор боюнча ошол курулуш бүткөндөн кийин Ошко секундасына бир кубдан суу чыгып турушу керек эле. Азыр ошол шаарга берилет деген көлөмдүн болгону 20 пайызы гана акталды, 80 пайызы жокко чыгып кетти. Эми азыр аны Ош шаарынын суу каналы балансына албай олтурат. Себеби «бул күтүлгөндөй болгон жок, муну кайра башынан куруп башташыңар керек» деген сөз болгон. Алар мойнуна алды дешкен. Бирок андан бери курулуш жандана элек. Бүгүн төртүнчү сутка болду, менин үйүмдөн дагы деле суу чыга элек». 

Ош шаарында расмий катталган 300 миңден ашуун суу колдонуучу бар. Калаа тургундарына таза суу Ак-Буура дарыясынан ачык суу сактагыч ыкмасы менен берилет. Катуу жамгыр жааганда дарыя ылайланып, элге суу берүү токтотулат. Кээде 2-3 күн суу жок болот.

Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутатты Акбаралы Батыров бул маселени чечүүдө каражат жетишпей турганын билдирди.

«Бул таза суу өзү Ош шаарынын бюджетинин эсебинен чечилет деген туура эмес, шаар бюджетинин буга күчү жетпейт. Буга өкмөт катуу көңүл бөлбөсө, маселени азыр чечүүбүз кыйын. Негизи былтыр эле башталган. Бирок бюджет тартыштыгы болду. Быйыл республикалык деңгээл менен эле каралбаса, аны биз айта албайбыз». 

Учурда Ош шаарынын айрым аймактарында таза суу жок болгондуктан, суу чарба ишканасы таза сууну атайын унаалар менен жеткирип берүүдө.

Ак-Буура дарыясын тундурууга 2,5 сутка талап кылынат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM