Биз менен байланышыңыз

Кыргыз сому 28 жашта. Бир банкнот канча жыл жашайт?

Кыска кабар , Экономика | 10 мая 2021 | 3425 | 0

Бүгүн, 10-май кыргыз сомунун кабыл алынган күнү. Кыргызстандын улуттук акчасы туруктуу валюта катары сакталып келет. Биз Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын башкы экономисти Күмүшай Артыкова менен сомдун тарыхы тууралуу кыска маек курдук.

Кыргыз сому өз тарыхында канча жолу жаңыланды?

— Кыргыз сому 28 жыл ичинде төрт жолу жаңыланды. Улуттук валютаны Кыргызстандан эмес, чет өлкөдөн буюртма менен басып чыгартабыз. Эл аралык сынак өткөрүп, жеңүүчү менен узак мөөнөткө келишим түзөбүз.

Акчага сүрөт түшүрүү маселеси кандай чечилет?

— Биздин улуттук валютанын алдыңкы бетинде кыргыздын улуу инсандары, арткы бетинде тарыхый, маданий мурастар чагылдырылган. Кайсы банкнотко кимдин портретин тартуу маселеси президенттин алдындагы монеталардын сюжеттерин тандап алуу комиссиясы тарабынан аныкталат.

Бир банкноттун жашоо мөөнөтү канча убакыт болот?

— Акчанын жашоо мөөнөтү ар кандай болот. Анткени майда номиналдагы банкноттор жүгүртүүдө эки же үч эсе көбүрөөк айланып, бат эскирет. Алар бир жарым жылга чейин сакталышы мүмкүн.

Ал эми жогорку номиналдагы банкноттор, мисалы, 5 миң сомдук купюра жүгүртүүдө азыраак колдонулганы үчүн жашоо мөөнөтү 3 жылга чейин жетиши мүмкүн.

Мындан кийин дагы кандай номиналдагы акча чыгаруу пландарыңыздар бар?

— Улуттук банкта азыркы учурда банкноттор жана монеталардын катары толук камсыздалган. Ошондуктан жогорку номиналдагы банкнотторду чыгаруу пландалган эмес.

Нумизматикалык тыйындар, күмүш же алтын монеталарга карата элдин суроо талабы барбы?

— Улуттук банк нумизматикалык, коллекциялык тыйындарды да жүгүртүүгө чыгарат. Азыркы учурда алар алтын, күмүш же жез, никель металл түрүндө чыгарылат. Аларга суроо талап абдан жогору, азыр сатууда калган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM