Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү

Кыска кабар | 9 мая 2021 | 1190 | 0

Эки өлкө ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык, 5-9-май күндөрү Ош шаарында мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан менен Кыргызстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Тараптар кийинки жолугушууну Тажикстандын аймагында өткөрүүнү макулдашты. Маалым болгондой, жолугушуу достук маанайда өттү.

Эске салсак, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 1-2-майда Тажикстан УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов менен болгон жолугушуусунда кол койгон протоколдо Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду эки тарап биргелешип курууну макулдашканы маалым болгон. Капчыгай (Танги) айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөрү айтылган автожолду тажик тарап Кыргызстан менен кошо салат жана колдонот.

Жол Кыргызстан менен Тажикстандын эсебинен курулат, ал эми автожолдун макамы жол салынган соң эки өлкөнүн өзүнчө мамлекеттик макулдашуусу менен аныкталат.

Кыргызстан тажик тарап менен макулдашкан протоколду жарыялады

 

Copyright © 2017 Maral FM