Биз менен байланышыңыз

Мамлекет чек ара жаңжалында курман болгон 36 адамдын үй-бүлөсүнө там салып берет

Кыска кабар | 9 мая 2021 | 942 | 0

Бүгүн, 9-майда Президент Садыр Жапаровдун, 28-29-апрель күндөрү, чек арадагы куралдуу кагылышууда каза болгон 36 жарандын үй бүлөлөрүн ар тараптуу колдоо боюнча демилгесинин алкагында, Баткен шаарында 36 турак үйдун курулушу башталды. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Турак үйдүн капсула салуу аземине Президенттин Баткен облусунун чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, «Ихлас» курулуш компаниясынын өкүлдөрү, ошондой эле чек арадагы окуяда каза болгон жарандардын жакындары катышты.

Курулуш үчүн шаардык мэрия тарабынан Чет-Булак кварталынан 2 гектар жер ажыратылды. Төрт бөлмөлүү ар бир үйдө жашоо үчүн бардык шарттар жана короосу үчүн 6 сотыхтан жер каралган. Аймакка бала бакча жана сейил бак да курулат.

Курулушту ата мекендик «Каганат» инвест холдингинин «Ихлас» курулуш компаниясы жүргүзүп, эки ай аралыгында бүткөрүү пландалды.

Copyright © 2017 Maral FM