Биз менен байланышыңыз

Жеңиш күнү өлкөдөгү аймактарда кантип белгиленди?

Кыска кабар | 9 мая 2021 | 584 | 0

Бүгүн, 9-май күнү Ошто Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына арналган салтанат өткөрүлдү.

Иш-чарага Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жана жергиликтүү тургундар катышты. Салтанатта Ош облусунун башчысы ардагерлерди куттуктап, Улуу Жеңиш алардын от кечкен эрдигинен, тылдагы эмгекчилердин күжүрмөн эмгегинен жаралганын белгиледи.

«Улуу Ата Мекендик согушта аталарыбыз келечек урпактар, алардын жаркыраган жашоосу үчүн күрөшүп, өз өмүрлөрүн кыюу менен тынчтыкты тартуулашты. Жалпы Кыргызстандын калкы сыяктуу эле, миңдеген оштуктар да колго курал алышып, элибиздин-жерибиздин намысы жана эртеңки тагдыры үчүн жоого каршы аттанышкан. Урматтуу ардагерлер! Сиздер элибизди дүйнөнү кайгыга салган фашисттердин чеңгелинен бошоткон улуу эрдигиңер үчүн чексиз алкыш айтабыз», — деди Жарасул Абдураимов

Улуу Ата Мекендик согушка Ош жергесинен 85 минден ашуун жоокер катышкан. Алардын ичинен 25 миңдей жоокер кан майдандан кайткан эмес.

Белгилей кетсек, учурда Ош облусунда 11 согуштун, 179 ооруктун ардагери бар.

Жалал-Абад шаарынын «Жеңиш» эс алуу багында Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калган жоокерлердин эстелигине гүлчамбар коюлуп, курман болгондор эскерилди.

Иш-чарага облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, калаа мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мекеме-ишкана кызматкерлери жана тургундар катышты. Курман болгондорду бир мүнөткө эскерүү жарыяланып, асманга ок атылды. Пандемиялык абалга байланыштуу саамалык кеңири масштабда өткөрүлгөн жок.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда согуштун 18, ооруктун 41 гана ардагери калды.

Бул жылы мамлекет тарабынан согуш ардагерлерине 70 миң сомдон акча каражаты тапшырылды. Облус өкүлүнүн резервдик фондунан согуш ардагерлерине 10 миң, тылда эмгектенгендерге 5 миң сомдон акча каражаты бөлүндү. Аны менен бирге жергиликтүү бийлик тарабынан да материалдык колдоолор көрсөтүлүүдө.

Баткенде Улуу Жеңиш майрамына арналган салтанатка Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев баш болгон жергиликтүү жетекчилер, Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков жана шаар тургундары катышты.

Өкүл Абдикарим Алимбаев Баткен облусунун элин Жеңиш күнү менен куттуктады.

Бүгүнкү күндө облуста Улуу Ата Мекендик согуштун 4 катышуучусу бар. Алар: Эгемберди Абылкасымов, Ашыр Рахматов, Шамши Эшбаев, Шамурат Камалов.

Ошондой эле тылдын 200 ардагери бар.

Белгилей кетсек, Баткен облусунан Улуу Ата Мекендик согушка 20 миңден ашык эр-азамат аттанып, анын 1 4миң 213ү мекенине кайтпай калган. 6 миң 553 жоокер жеңиш менен келишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM