Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанды бир катар өлкөлөр Жеңиш майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 9 мая 2021 | 643 | 0

Бүгүн, 9-май КМШ өлкөлөрүнүн аймагында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы белгиленди. Буга байланыштуу бир нече өлкөлөрдүн башчылары Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды бүгүнкү майрам менен куттукташты.

Биринчилерден болуп Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанда жашаган бардык ардагерлерге жана тылдын эмгекчилерине чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубат жашоо жана узак өмүр тилеп куттуктады.

«Бул даңазалуу майрамды белгилөө менен, биз эсепсиз курмандыктардын жана жоготуулардын аркасында ашынган улутчулдукту талкалаган ата-бабаларыбызга таазим этип, сый-урмат көрсөтөбүз. Катаал согуш жылдарында чыңалган достуктун жана өз ара жардамдашуунун жакшы салттарына таянып, кыргыз-орус союздаштык мамилелеринин жана стратегиялык өнөктөштүктүн мындан аркы ар тараптуу өнүгүүсүн камсыздайбыз деп ишенем», — деди Путин.

Андан кийин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана жалпы кыргыз элин куттуктап, каалоо-тилектерин айтты.

«Бул ыйык күндө биз келечек муундун бейпил жашоосу үчүн согуш талааларында жана тылда жан аябай салгылашып отуруп, фашизмди жеңген ата-бабаларыбыздын теңдешсиз эрдигин өзгөчө сыймыктануу, ыраазычылык сезимдер менен белгилейбиз. Бузулбас достуктун, боордоштуктун жана өз ара колдоонун эчактан бери келаткан салттары мындан ары да Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы ынак коңшулукту жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого бекем негиз болуп кызмат кыла берерине ишенем», — деп айтылат Касым-Жомарт Токаев жөнөткөн куттуктоодо.

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев да Жеңиш майрамы менен кыргыз элин куттуктап, эки өлкө жалпы тарыхтын сыноосунан бирге өткөн тагдырлаш Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы достуктун айкын символдорунун бири болгонуна кубанарын билдирди.

«Кыргызстандын согуштун жана ооруктун каарман ардагерлерине чын дилимден ыраазычылыгымды билдирүү менен аларга бекем ден соолук жана бакубатчылык каалаган тилектеримди жеткирип коюуңузду өтүнөм, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана өнүгүп-өсүү каалайм», — деп айтылат Нурсултан Назарбаев куттуктоосунда.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, ишине албан ийгиликтерди жана боордош кыргыз элине ар дайым бакубат жашоо жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

«Бул майрамда биз бири-бирине жөлөк-таяк болуп салгылашып, дүйнөнү фашизм коркунучунан сактап, жалпы жеңишке зор салым кошкон ата-бабаларыбыздын теңдешсиз эрдигин эстеп, терең ыраазычылык менен алардын жаркын элестерин эскеребиз. Согуш талааларында каармандык менен салгылашкан, тылда жан аябай эмгектенген ардактуу ардагерлерибизге сый-урмат менен мамиле кылабыз, аларга бүгүнкү ачык асман, бейпил турмуш үчүн ар дайым ыраазыбыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов ата-бабаларыбыздын улуу эрдиктерин түбөлүккө сактоо биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелерди жана ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо үчүн бекем негиз болуп берерине ишенерин билдирди.

«Жеңиш күнү — тынчтыкта жашоону, жакшы ниетти жана гуманизм идеяларын жар салган жаркын майрам. Мындай маанилүү күндө биз согуш талаасында бири-бирине дем-күч берип, кайраттуулук менен салгылашкан, бүткүл адамзаттын эркиндиги менен келечек муундун бактылуу турмушу үчүн тылда жан аябай эмгектенген жалпы баатырларыбызды терең урматтоо менен эскеребиз», — деди Бердымухамедов.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бардык  жарандарына тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү каалады.

«9-май — биздин өлкөлөрдүн заманбап тарыхындагы маанилүү дата. Кыргыз-тажик достук, ынак коңшулук жана кызматташтык мамилелери мындан ары да элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына ылайык өнүгө берет деп ишенем», — деп айтылат Эмомали Рахмондун куттуктоосунда.

Сауд Арабия падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд кыргыз элин бүгүнкү майрамы менен куттуктап, калоо-тилектерин айтты.

«Жеңиш күнүнүн майрамына карата биз чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду жана ден соолук, бакыт-таалай каалаган тилектерибизди жолдойбуз. Ал эми Өкмөткө жана Кыргызстан элине мындан аркы өсүп-өнүгүүлөрдү каалайбыз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Ошондой эле мураскер принц, Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, Сауд Арабиянын Коргоо министри Мухаммад бин Салман бин Абдулазиз Аль Сауд дагы Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына байланыштуу куттуктоосун жолдогон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM