Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 10-майда жаан жаайт

Кыска кабар | 9 мая 2021 | 539 | 0

Кыргызгидромет агенттиги билдиргендей, эртең, 10-майда түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Ал эми тоолуу аймактарда кар жаайт.

Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда: 

Түнкүсүн ..+ 10 … + 15, күндүз + 20 … + 25;

Талас облусунда:

Түнкүсүн .. + 9 … + 14, күндүз + 19 … + 24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында:

Түнкүсүн .. + 12 … + 17, күндүз + 24 … + 29;

Ысык-Көл облусунда:

Түнкүсүн + 9 … + 14, күндүз + 17 … + 22;

Нарын облусунда:

Түнкүсүн ..+ 7 … + 12, күндүз + 17 … + 22;

Бишкекте мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, шамал болуп турат. Абанын температурасы, түнкүсүн .. +13 … + 15, күндүз +22 … + 24. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM