Биз менен байланышыңыз

Марипов: Ардагерлерге ар дайым колдоо көрсөтүлөт

Кыска кабар | 9 мая 2021 | 736 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, 99 жаштагы Касмалы Осмонов менен учурашып, ардагердин акыбалынан кабар алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызмат кабарлады.

Марипов ардагерди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктап, ага чың ден соолук жана узун өмүр каалады.

«Сиздин эрдигиңиз ар-намыстын жана кайраттуулуктун үлгүсү болуп саналат. Ушул күнү биз фронт талаасында жанын аябастан, өз эрдиги аркылуу фашизмди талкалоого чечкиндүү салым кошкон улуу муун үчүн өзгөчө сыймыктанабыз. Өлкөбүздө биздин кайратман аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын жаркын элеси жүрөгүбүздө терең сакталат. Каатчылык мезгилде сиздер башты жерге салбастан, өлкөбүздү душмандын баскынчылыгынан сактап калдыңыздар. Мындан 76 жыл мурда жетишкен жеңишибиз – майтарылбас эрктин, жогорку патриоттуулуктун жана бузулгус эл достугунун мыкты далили болуп саналат», — деди Марипов.

Ошондой эле ал Касмалы Осмоновго материалдык жардам тапшырып,  мамлекет мындан ары карай да согуш ардагерлерине жана тылдын эмгекчилерине колдоо көрсөтөт деп ишендирип кетти.

Copyright © 2017 Maral FM