Биз менен байланышыңыз

Баткенде Жеңиш күнүнө арналган салтанат өттү

Кыска кабар | 9 мая 2021 | 417 | 0

Бүгүн, 9-май — Улуу Жеңиш майрамына арналган майрамдык салтанат Баткен облусунда да өттү. Ага өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев баш болгон жергиликтүү жетекчилер, Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков жана шаар тургундары катышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктун басма сөз кызматы билдирди.

Абдикарим Алимбаев Баткен облусунун элин Жеңиш күнү менен куттуктады.

«9-май – бизге Улуу Жеңишти тартуулаган аталарыбыздын баа жеткис эрдигин эскерип, таазим этип туруучу улуу күн. Эрдик көрсөткөн аталарыбызга, Улуу Жеңиш күнү эле эмес, күн сайын камкордук кылып, урмат көрсөтсөк да аздык кылат. Бул Жеңиш жеңил келген эмес. Согуш учурунда тылда эмгектенген улуу муундагы энелерибиз, аталарыбыз да кылым карыта жашап баратышат. Алар биздин сыймыгыбыз, тынчтык алып келген каармандарыбыз. Сиздерге миң ирет алкыш айтып, таазим этебиз», — деди Алимбаев.

Бүгүнкү күндө облуста Улуу Ата Мекендик согуштун 4 катышуучусу бар. Алар: Эгемберди Абылкасымов, Ашыр Рахматов, Шамши Эшбаев, Шамурат Камалов.

Ошондой эле тылдын 200 ардагери бар.

Белгилей кетсек, Баткен облусунан Улуу Ата Мекендик согушка 20 миңден ашык эр-азамат аттанып, анын 14 миң 213ү мекенине кайтпай калган. 6 миң 553 жоокер жеңиш менен келишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM