Биз менен байланышыңыз

13-майга чейин аба ырайы кескин өзгөрөт

Кыска кабар | 9 мая 2021 | 832 | 0

Кыргызгидромет агенттиги бир жумага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, борбор калаада айрым күндөрү күн ачык болсо, айрымдарында, тескерисинче, күн күркүрөп, нөшөрлөгөн жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, 10-майда күндүз 14 метрге жетиши күтүлүүдө.

Чүй өрөөнүндө

Апта негизинен жаан-чачындуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, 10-майда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Талас облусунда 

Жуманын алгачкы күндөрү жаан жаап, 12-13-майда ачылат. Түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы божомолдонууда.

Ош облусунда

Аптанын басымдуу бөлүгүндө күн бүркөлүп, жаан жаап турат. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Жалал-Абад облусунда

Бул жума суук болушу ыктымал. Дыйканчылык аймактарында жаан, тоолордо кар жаайт. Күн күркүрөп, 10-майда кээ бир райондордо ылдамдыгы 15-20 метрге жеткен шамал болот.

Баткен облусунда

12-13-майдан башка күндөрү жаан-чачындуу болот. Тоолуу аймактарда кар жаап, жолдор тайгак болору божомолдонду.

Ысык-Көл жана Нарын облустарында деле өлкөнүн башка аймактары сыяктуу маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар түшүп, 10-11-май күндөрү катуу шамал болот.

14-15-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM