Биз менен байланышыңыз

Орусия президенти КМШ өлкөлөрүн Жеңиш күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 9 мая 2021 | 510 | 0

Бүгүн, 9-майда Орусиянын президенти Владимир Путин Абхазия, Азербайжан, Армения, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Түштүк Осетия, Өзбекстан, Грузия, Украина, Эстониянын президенттерине Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына карата куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Путин куттуктоосунда 9-май күнү аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын душмандарга каршы каармандык менен күрөшүп, оорукта жан аябай эмгектенген эрдигин сыйлоо керектигин белгилеген.

«Бүгүнкү биздин моралдык милдетибиз — ал катаал жылдардагы окуялардын элесин кылдат сактоо менен жаш муундарга өткөрүп берүү. Тарыхты бурмалоо жана Улуу Ата Мекендик согуштун жыйынтыктарын кайра карап чыгуу, улутчулдардын кылган мыкаачылыкты актоо аракеттерине биз биргеликте каршы туруубуз керек», — деди Владимир Путин.

Орусиянын президенти катаал согуш жылдарында чыңалган боордоштук, достук мамиле өлкөлөр жана элдер арасында сактала берерине ишенимин билдирди. Владимир Путин Улуу Ата Мекендик согуштун бардык ардагерлерине жана ооруктун эмгекчилерине чын жүрөктөн ыраазычылык сөздөрүн айтып, аларга ден соолук, бакубат жашоо жана узак өмүр каалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM