Биз менен байланышыңыз

Самаркандек — Мадиген – Даркум унаа жолун куруу иши башталды

Кыска кабар | 7 мая 2021 | 2305 | 0

Баткен облусундагы Самаркандек — Мадиген – Даркум унаа жолун куруу иштери башталды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Учурда Маргун айылы менен Даркум айылынын ортосундагы жолду тегиздөө, даярдоо иштери жасалып жатат. Андан кийин Самаркандек — Даркум жолу боюнча иш жүргүзүлөт. Самаркандек – Мадиген – Даркум унаа жолунун узундугу 44,1 чакырымды түзөт.

Бул жол 2012-2017-жылдары салынып, унаа каттап баштаган. Бирок иш аягына толук чыкпай, көпчүлүк тилкеси оңдоп-түзөөнү талап кылып турган.

Мындан тышкары узундугу 10,1 км эсептелген Кулунду — Максат — Арка (айрым жерлерде) унаа жолуна асфальт басуу үчүн инерттик материалдарды даярдоо, жол битумун жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга даярдык иштери башталды.

Өкмөттүн 2021-жылдын 3-майындагы буйругу менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы акыркы окуялардын натыйжасында жабыркаган Баткен облусундагы социалдык жана чарбалык багыттагы талкаланган объектилерди калыбына келтирүү үчүн 500 млн сом бөлүнгөн.

6-майда Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаттары Мадиген аркылуу Самаркандек айылына чыгуучу жолду тез арада оңдоп-түзөө иштерин бүткөрүү өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон.

Кайрылууда депутаттар мамлекет техника жагынан (грейдер, КАМАЗ ж.б.) жардам берсе, күйүүчү майды өздөрү көтөрөрүн айтышкан. Алар Тажиктсандын 29-30-апрелдеги агрессивдүү кол салуусунан кийин жеке коопсуздугу үчүн тынчсызданып жатышканын айтышкан.

Copyright © 2017 Maral FM