Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад: Оң рулдуу унааны сол рулдуу унаа катары катташкан

Кыска кабар | 7 мая 2021 | 346 | 0

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери оң рулдуу «Хонда Фит» автоунаасын сол рулдуу кылып каттаганы аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.

Бул факты Жазык кодексинин 329-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Анын жүрүшүндө «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн адиси 1967-жылы туулган Б.И. аттуу жаран 2008-жылы Японияда чыгарылган ак түстөгү «Хонда Фит» унаасын сол рулдуу унаа катары мамлекеттик каттоодон өткөргөндүгү аныкталган.

Кыргызстанда рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарын каттоого тыюу салынган.

Факты боюнча материалдар тергелип, соттун кароосуна жиберилди.

Ошондой эле азыркы учурда Жалал-Абад ОИИБнин тергөө кызматы тарабынан ушундай эле факты менен дагы бир кылмыш иши тергелүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM