Биз менен байланышыңыз

Бүгүн 385 адамдан коронавирус табылды

Кыска кабар | 7 мая 2021 | 341 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 385 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Бишкекте 226 учур, Ош шаарында 12, Чүй облусунда 108, Ош облусунда 4, Нарында 16, Ысык-Көлдө 15, Баткен облусунда 4 учур катталды.

Былтыр пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 97 миң 663 адамга коронавирус жуккан.

7-майга карата коронавирустан 3 адам каза болду, ал Бишкек, Чүй, Ысык-Көлдө катталды. Муну менен коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 1643кө жетти.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 1600 бейтап, үй шартында 2465 адам дарыланууда. 1106 бейтаптын абалы орто оордукта, 415 адамдын абалы оор жана 75 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

Бир сутка ичинде  7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Пандемия башталгандан бери 4478 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, анын 4405и айыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM