Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Өлбөс полк» өнөктүгү LED-экрандар аркылуу көрсөтүлөт

Кыска кабар | 6 мая 2021 | 385 | 0

Быйыл, 9-майда «Өлбөс полк» өнөктүгү башкача форматта өткөрүлөт. Тактап айтканда, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аталардын сүрөттөрү шаардын бардык жайларындагы LED-экрандар аркылуу күнү бою көрсөтүлүп турат. Бул тууралуу «Өлбөс полк» өнөктүгүнүн Кыргызстандагы уюштуруучусу Зульфира Хайбуллина билдирди.

Анын айтымында, мындай ыкманы өлкөдөгү жарнама агенттиктеринин бири Жеңиш күнүнүн урматына белек кылууну чечкен.

«Ардагерлердин бардык сүрөттөрү биздин www.moypolk.ru сайтына жайгаштырылды. Учурда сайт аркылуу көрсөтүлүп жатат. Жеңиш күнүндө LED-экрандар аркылуу эртеден-кечке көрсөтүлөт», — деди ал.

Бишкек шаарында коронавирус илдетинин күч алып жатканына байланыштуу мэрия 9-май Жеңиш күнүндө жыл сайын белгиленип келген «Өлбөс полк» жүрүшүн өткөрүүгө быйыл да уруксат берген эмес. 2020-жылы да карантинге байланыштуу өнөктүк онлайн форматта өткөн эле.

«Өлбөс полк» өнөктүгүнө онлайн форматта Улуу Ата Мекендик согушка катышкан же курман болгон жакынынын портретин кыскача маалымат жазуу же ушуга байланышкан видеоматериал жасоо аркылуу #СтройБессмертногоПолка хэштегинин астында социалдык тармактарга же «Өлбөс полктун»  расмий сайтына жайгаштырып катышса болот.

Эске салсак, «Өлбөс полк» жүрүшү Кыргызстанда биринчи жолу 2014-жылы Ош шаарында өткөрүлүп, 2015-жылы бул өнөктүккө Бишкек шаары да кошулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM