Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы акыркы 4 айда 29 млрд 781 млн сом чогултту

Кыска кабар | 6 мая 2021 | 271 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын январь-апрель айларында 29 млрд 781 млн сом салык жана төлөм чогултту. Муну менен белгиленген план 106,9%га аткарылып, 1 млрд 923,7 млн сомго ашык акча топтолду.

2020-жылдын 4 айына салыштырмалуу салыктар 7 млрд 864,6 млн сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 135,9 %ды түздү.

Ошол эле учурда республикалык бюджетке 23 млрд 641,2 млн сом салык жыйналды, план 105,6 % га аткарылды же 1 млрд 261,2 млн сомго көп чогултулду. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жыйымдар 6 млрд 421 млн сомго өстү (өсүү темпи 137,3 %).

Жергиликтүү бюджетке 6 млрд 140,4 млн сом салык түштү, план 112,1 %га аткарылды же 662,2 млн сомго ашыгы менен жыйналды. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 443,6 млн сомго көп жыйналды (өсүү темпи 130,7 %).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM