Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: Ашууларда көчкү түшүп, айрым жерлерде сел жүрөт

Кыска кабар | 6 мая 2021 | 354 | 0

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу ашууларда көчкү түшүп, айрым аймактарда сел жүрөт. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.

Бүгүн, 6-майда тоолуу райондордо, Төө-Ашуу, Чоң-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Каракысмак капчыгайында көчкү жүрүшү ыктымал. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

6-7-майда боло турган жаан-чачынга байланыштуу дарыялар, өзөндөр ташып, айрым өрөөндөрдө сел жүрүшү мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM