Биз менен байланышыңыз

«Президенттин жаңы Башмыйзам менен иштегенге күчү жетери күмөн»

Кыска кабар , Пикирлер | 6 мая 2021 | 706 | 0

Кыргызстанда азыр экономика эң төмөн. Бул тууралуу саясат талдоочу Шерадил Бактыгулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын 30 жылдык эгемен тарыхында азыркыдай экономикалык оор абал болгон эмес. Бул абалдан кайсы жол менен чыгаруу аракети жүрөрүн кечээ Садыр Жапаров өз кайрылуусунда айтты. Биринчиси, санариптик экономика; экинчиси, чет өлкөдөн келген инвестицияларды колдоп, коргоо.

«Негизи эски мыйзамдарыбыз тилекке каршы, инвесторлорду качыра турган мыйзамдар болчу. 2017-2018-жылдан баштап бизге инвестор келбей калган. Алар Тажикстанга, экинчи президент болуп Шавкат Мирзиеёв келгени Өзбекстанга кетип калган. Эми жаңы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министрлик уюштурулду. Максаттар бар, үмүттөр бар, бирок кайсы жол менен иштейбиз, дагы деле түшүнүксүз», — дейт саясат талдоочу.

Шерадил Бактыгулов «президенттин Конституцияны өзгөрткөнгө саясий эрки жеткени менен ошол жаңы Башмыйзам менен иштегенге күчү жетеби, жетпейби, азырынча белгисиз» деген ойдо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM