Биз менен байланышыңыз

Баткенге жардам: «Элим, барсыңбы?» фондунун эсебине 4 күндө 4,5 млн сом түштү

Кыска кабар | 5 мая 2021 | 731 | 1

Баткен облусунда болуп өткөн кандуу калабадан жабыркаган жарандарга көмөк көрсөтүү үчүн бир катар мамлекеттик мекемелер, уюмдар, жеке тараптар иш алып барууда. Алардын катарында «Элим, барсыңбы?» кайрымдуулук фонду да бар.

4-май, саат 18:00гө жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында фонддун эсебине 4 млн 487 миң 919 сом которулган. Бул тууралуу фонддун башкаруу төрагасы Айдар Кубанычбеков маалымдады.

Ошондой эле Айдар Кубанычбеков фонддун аймактык филиалдары жигердүү иш алып барып жатканын, окуя башталган күндөн тартып, коопсуз жайга көчүрүлгөн калкты, аскер кызматкерлерин азык-түлүк, тамак-аш, буюм-тайымдар менен камсыздап, акчалай да жардам берип турушканын айтып берди. Ал белгилегендей, учурда да жардам топтоо, көмөк көрсөтүү иштери уланып жатат.

«Элим, барсыңбы?» кайрымдуулук фонду аркылуу жардам көрсөтүүнү каалаган жарандар төмөнкү реквизиттер аркылуу акча которууга болорун айтат:

Элсом: э/н 15471

Мбанк: 0770 0040 44

Оденьги: : 0770 0040 44

Баланс: : 0770 0040 44

VISA: 4169 6151 8216 2796

Ошондой эле төмөндө сүрөттөгү номер аркылуу байланышып, кенен маалымат алууга болот:

1 пикир

1 пикир

  1. Өмүрбек

    05.05.2021 16:25

    👍🏻👍

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM