Биз менен байланышыңыз

Өкмөт уюштурган «Баткенге көмөк» штабы ишин токтотту

Кыска кабар | 5 мая 2021 | 366 | 0

Өкмөт уюштурган Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайындагы «Баткенге көмөк» штабы өз ишин токтотту. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Буга чейин келип түшкөн каражаттар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын унаалары менен Баткен облусуна жеткирилет. Ошондой эле Өкмөт бул көмөк көрсөтүү токтоп калды дегенди билдирбесин, мындан аркы иштер жер-жерлерде улантыларын, Бишкек шаарында жардам чогултууну мэрия уюштурурарын маалымдады.

«Баткенге көмөк» штабы жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү чакырыгын колдоп берген бардык тараптарга, адамдарга, анын ичинен төмөнкүлөргө ыраазычылык билдирип өткөн:

  • Чынгыз Алканов
  • Адилет Ногойбаев
  • Бекназар Асанов
  • Бермет Төлөгөнов
  • «Падишах» рестораны
  • «Kaynar Group» ресторандар тармагы
  • «Bellagio» кофейня тармагы
  • «Sheraton» мейманканасы
  • «ШНОС» ЖЧКсы
  • «Партнер Нефть» ЖЧКсы
  • «Фрунзе» гипермаркеттер тармагы
  • «Nomad ордо» ЖЧКсы,
  • «Pablo bar» бары
  • «Насип» рестораны
  • «Энактас Кыргызстан» коомдук бирикмеси
  • «Elite House» ЖЧКсы
  • «Прод Импекс» ЖЧКсы
  • «Соса Cola» ЖАКы
  • «Kepka kg» эркектердин кийим дүкөнү
  • «Шоро» ЖАКы
  • «Азия Экопродукт» ЖЧКсы
  • «Кыргыз Юнион» коомдук бирикмеси
  • «Биздин Бишкек» кыймылы
  • Жаштар парламенти
  • «Аракет» ыктыярдуу элдик кошууну,
  • Улуттук Кызыл жарым ай коому
  • Автоыктыярчылар мобилдик бригадасы
  • Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM