Биз менен байланышыңыз

Жаңы Конституция. Жапаровдун реформалар тууралуу дымагы

Саясат | 5 мая 2021 | 2296 | 0

Бүгүн Кыргызстанда жаңы Конституция кабыл алынды.

Кыргызстанда бүгүн, 5-майда Конституция күнү белгиленүүдө. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров мамлекеттик жетекчилердин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, коомдук-саясий ишмерлердин жана экс-президенттердин катышуусунда жаңы Конституцияга кол койду. Андан кийин элге кайрылуу жасап, аткаруу бийлигиндеги өзгөрүүлөр, кыргыз армиясын реформалоо, жакын аралыкта курултай өткөрүү пландары жөнүндө айтып берди.

Садыр Жапаров «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында элге кайрылуу жасап жатып, сөзүнүн башында Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы кол салууда курман болгондорду эскерип, бир мүнөт аза күтүү менен баштады.

Жапаров кыргызстандыктар өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч жараткан окуяларга күбө болушканын белгиледи.

«Мен талкаланган айылдарды тез арада калыбына келтирүүнү баштоо боюнча тапшырма бердим. Жапа чеккен жарандарга мамлекет тарабынан толук колдоо көрсөтүлөт. Эң кыска мөөнөттө жабыркаган калктуу конуштардагы жарандарыбыздын жашоосун калыбына келтирүү жана нормалдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлөт», — деди Жапаров.

Армияга реформа жасалат

Президент кыргыз армиясына реформа жасаларын жана Элдик кошуундар түзүлөрүн айтты. Куралдуу күчтөр тоолуу шарттарда аскердик операцияларды жүргүзө ала тургандай, технологиялык жактан толук жабдылган атайын бөлүктөрдүн принцибине ылайык уюштурулат.

«Бул система чек ара аймактарында жашаган калктын жогорку мобилизациялык даярдыгын, аскердик коркунучтар жана кол салуулар маалында олуттуу күчтөрдү топтоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат», — деди Садыр Жапаров.

Экономикалык кризистен чыгуунун жолдору

Жапаров Констититуция күнүнө карата кайрылуу жасап жатып, экономикалык оор кырдаалдан чыгуу жолдорун айтты. Ал мындай кризистик жагдай өзүнө чейинки бир да президенттин шыбагасына жазылбаганын, казынаны 20 млрд сом дефицити менен алганын белгиледи. Экономикалык каатчылыктан чыгуунун бир нече жолун атады.

— Биз экономикалык реформаларды жүргүзөбүз, анын ичинде фискалдык, соттук, укук коргоо, транспорттук-логистикалык жана тышкы соода саясатын өркүндөтөбүз. Баарын камтыган элемент катары санариптештирүүнү жүзөгө ашырабыз.

Биринчиден, бизнести жүргүзүү үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзөбүз. Себепсиз текшерүүлөрдөн, кийлигишүүдөн, рейдерликтен жана кол салуулардан коргоону камсыздайбыз.

Көптөгөн бюрократиялык тоскоолдуктар жоюлат, лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди алуу мөөнөтү кыскартылат, капиталдын эркин жүгүртүлүшү камсыздалат. Биз мамлекеттик — жеке өнөктөштүк диалогун жаңы деңгээлге чыгарабыз жана бизнести угууга даярбыз.

Эл аралык уюмдардын колдоосу керек

Бирок экономиканы өстүрүүдө бюджетте акча жок болгондуктан түз инвестицияларды жана сырткы жардамдарды тартуу керек. Президент ал үчүн эл аралык донорлор менен иштешүүнү күчөтүүнү жана мамлекеттин кызыкчылыгына шайкеш келтирүүнү тапшырды.

Экономикалык реформанын алкагында мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, келечекте алар жеке менчикке өткөрүлөрүн кабарлады.

Жапаровдун айтымында, мамлекеттик мекемелерди жеке менчик натыйжалуу иштетерин экономикалык реалдуулук ырастады.

— Ал эми стратегиялык объектилерде кызмат көрсөтүү сервистерин менчиктештирүү керек. Мамлекеттик мүлк фонду бул ишти аяктаган соң жоюлушу керек. Менчиктештирүүгө жатпаган мамлекеттик мүлктөрдү болсо, министрликтерге жана ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүсү керек. Бул жумушту аткаруу үчүн бир жыл жетиштүү деп ойлойм.

Жогоруда аталган реформалар экономиканын приоритеттүү секторлорун: энергетиканы, тоо-кен тармагын, айыл чарбасын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.

Суу маселесине өзгөчө көңүл бурулат

Президенттин айтымында, жер фондун инвентаризациялоо, жер кадастрын жаңылоо жүргүзүлөт. Ошондой эле кен чыккан жерлер иштетүүдө мамлекеттик үлүш каралат.

Кен байлыктарды иштетүү тармагындагы инвестициялык саясатта өлкөнүн кызыкчылыгын коргоого басым жасалат, ал эми эл аралык капиталды тартуу үчүн Улуттук тоо-кен компаниясы түзүлөт, ал компания мамлекеттин активдерин башкарат.

Өлкө башчы экономика жаратылыш ресурстарына көз каранды экенин, суу маселесинин үстүндө олуттуу иш жүргүзүү керектигин айтты.

— Акыркы жылдары жаратылыш бизге суунун түгөнгүс байлык эмес экенин дагы бир жолу эске салды. Климаттын өзгөрүү тенденциясы мөңгүлөр эрип, алардын аянтынын кыскарышына байланыштуу. Сууну керектөөнү оптималдаштыруу максатында, сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, инфраструктураны калыбына келтирүү, суу коллекторлорун куруу зарыл. Бул багытта Глобалдык экологиялык жана климаттык фонддордун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга аракет жасашыбыз керек. «Өнүгүү ресурстары» улуттук программасынын алкагында, суу маселесинин үстүндө олуттуу иш жүргүзүү зарыл.

Укук коргоо органдары жана соттор элге коркунуч келтирген негизги булакка айланды

Жапаров укук коргоо органдарын жана сот системасын реформалоо маселесине токтолуп, бул органдарынын иши бүгүнкү күндө адам укуктарына жана коопсуздугуна коркунуч келтирген тобокелчиликтердин негизги булагы болуп калганын айтты.

Жапаров сот системасы жана укук коргоо органдары кыргыз коомчулугунун негизги баалуулуктары болгон адилеттикти жана эркиндикти тебелеп жатканын сындады.

Мен эмне себептен мындай болуп жаткандыгынын эки негизги себебин көрүп турам.

Биринчиси, тергөөчүлөрдүн, прокурорлордун жана соттордун позициясын жана мамилесин алдын ала аныктаган, терең тамырлаган «күнөөлүү кишинин презумпциясы».

Алар болгон окуяны толук иликтебей туруп, алдындагы адамды дароо эле кылмышкер катары көрүп, дароо эле күнөөсүн далилдей башташат. Андан соң сот өкүмү чыга электе эле пресс-маалыматтар адамдарга эң оор кылмыштар тагылып, айыпталып жатканын жазып, жарыялап чыгышат.

Тергөө иши күн мурунтан эле айыптоочу тарапта болбостон, ишти калыс иликтеп, сот адилет болушу керек.

Ал эми экинчи себеби — тергөөчүдөн каалаган корутундуну, соттон болсо кандайдыр бир өкүмдү сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берген коррупция.

Ошондуктан, биринчиден, укук коргоо системасын реформалоо эң оболу мыйзамдын кадыр-баркын калыбына келтирүүгө жана жарандардын бийлик институттарына болгон ишенимин арттырууга багытталууга тийиш.

Башкаруу тутумундагы өзгөрүүлөр

Өлкөдө жаңы Конституция кабыл алынгандыктан башкаруу системасы да өзгөртүлөт. Маселен, аткаруу бийлигинде төрт багытта башкаруу блогу болот.

  1. Министрлер кабинети элдин жашоосун жакшыртууну камсыз кыла турган ишти уюштурат;
  2. Коопсуздук Кеңеши кризистик кырдаалдарда иш алып барган түзүм болот;
  3. Туруктуу Өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жана анын катчылыгынын базасында өлкөнүн өнүгүүсүн башкаруу системасы түзүлөт;
  4. Улуттук маданиятты, илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү, улуттук кайра жаралуу процесси түзүлөт.

— Башкаруу системасын өзгөртпөсөк, анда биз аныктаган иш-аракеттердин планы ишке ашпайт. Жаңы Башмыйзам мындай өзгөрүүнүн пайдубалын түптөдү. Президенттин жана өкмөттүн аппараттарынын бири-бирин кайталоосу жакынкы күндөрдө, жакынкы арада жоюлат. Бүгүн мен кыскача айткан сунуштар менен көрсөтмөлөр Президенттин өлкөнү орто мөөнөттүү мезгил ичинде өнүктүрүү стратегиясында камтылган. Өнүгүү стратегиябыз даяр. Мен аны министрлер кабинетине тапшырам, министрлер кабинети стратегияны ишке ашыруу программасын саналуу күндөрдө Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

Билим берүүдө ваучердик система ишке кирет

Андар ары Жапаров билим берүү маселелерине токтолуп, бул тармакка да реформа жүргүзүлөрүн убадалады. Ал экономиканын муктаждыктары үчүн иштеген, жаңы мезгилдин талаптарына ылайык болгон билим берүү системасын түзүүнү тапшырганын айтты.

Мектеп бүтүрүүчүлөрү мезгил талабына ылайык заманбап билимге жана жөндөмгө ээ болушу шарт. Инновациялык ыкмаларды жана методологияларды колдонуу менен мектепке чейинки билим берүүдөгү кызмат көрсөтүү рыногун өнүктүрүү зарыл. Салттуу балдар бакчалары менен катар эле балдарды өнүктүрүү борборлорун ишке киргизүү керек.

Адистештирилген Кыргыз лицейлерин түзүү жолу менен өзүбүздүн улуттук моделди издеп, билим берүүнүн системасын кайра карап чыгуу зарыл. Реформа мамлекет тарабынан билим берүүнү милдеттүү түрдө каржылоо системасын да өзгөртүүнү талап кылат. Ар бир баланын жетишкендигине карап каржылоого өтүү, ваучердик системаны киргизүү керек.

Президент сөзүнүн аягында жыл сайын жалпы элдик курултайдын алдында отчет берип турарын кошумчалады. Ал мамлекеттин саясий турмушун гана турукташтырбастан, экономиканы, коомдун жашоосун жакшыртууга умтуларын айтты жана жаркын келечекке карай аракеттенүү процесси башталганын жарыялады.

Copyright © 2017 Maral FM