Биз менен байланышыңыз

АКШдагы кыргыздар Баткенге жардам берүү максатында 160 миң 700 доллар топтоду

Кыска кабар | 5 мая 2021 | 654 | 0

4-майга (Бишкек убактысы боюнча 5 -майга) карата АКШдагы кыргыз диаспорасы 160 миң 700 доллар топтоду. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчилиги билдирди.

Маалым болгондой, АКШнын ар кайсы шаарларында жана аймактарында жашаган мекендештер топтогон акча төмөнкүдөй болгон:

-Нью-Йорк (Нью-Йорк штаты) — 20 миң АКШ доллары (+ 1-347-852-1941 — Турат);

-Огайо штаты — 15 миң 700 АКШ доллары (+ 1-513-265-6251 — Алтынбек);

-Питсбург (Пенсильвания) — 7 миң 400 АКШ доллары (+ 1-213-500-9508 — Барсбэк);

-Филадельфия (Пенсильвания) — 12 миң АКШ доллары (+ 1-267-212-6775 — Азиз);

-Чикаго (Иллинойс) — 93 миң 600 АКШ доллары (+ 1-312-610-3018 — Кыял);

-Чикаго (Иллинойс) — 12 миң АКШ доллары (+ 1-267-333-5219 — Каныбек).

Америка Кошмо Штаттарындагы диаспора өкүлдөрүнүн айтымында, кандайдыр бир суроолор пайда болсо же каражат чогултууга колдоо көрсөтүү ниети пайда болсо, мекендештер жогоруда аталган телефон номерлерге кайрылса болот.

Элчилик АКШ аймагында жашаган мекендештерге Баткен облусунун тургундарына берген баа жеткис жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM