Биз менен байланышыңыз

«Баткенге жардам» деген шылтоо менен алдамчылык кылгандар көбөйүүдө

Коом , Кыска кабар | 5 мая 2021 | 3154 | 0

Күндүн темасы дагы деле кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. Болуп өткөн кандуу калаба бат эле унутта калбасы анык. Себеби аткылоодон кыйраган имараттардын жүлгөсү, үй-жайынан айрылып, жакынын жоготуп боздогон эл, окко учкан бейкүнөө жандардын бейити эстен кеткис кара так болуп калды. Үч күндүк үрөй учурган кооганын алгачкы күнүндө эле жабыркаган жарандарга өлкөнүн ар кайсы аймагынан, чет жердеги мекендештерден да ар кандай жардамдар берилип баштаган. Учурда да алардын агымы суюла элек. Тилекке каршы, эл ичинде ар кандай адамдар да болот экен. Дегенибиз, «Баткенге жардам» деген ураанды бетке кармап, өз кызыкчылыктары үчүн акча же каражат чогултуп жаткан жарандар, топтор чыгууда. Мындан улам берилип жаткан жардамдын даректүү жетишине көмөктөшүү, алдамчылык менен алектенгендерге бөгөт коюу максатында атайын Элдик штаб түзүлдү. 

Элдик штаб 29-апрелде түзүлгөн. Ага бир гана Баткен облусунан эле эмес, өлкөнүн бардык аймагынан жарандар кошулуп жатат. Бүгүнкү күндө Баткенде жабыркаган тургундарга штаб тарабынан азык-түлүк, дары-дармек, кийим-кечек, акчалай, жалпысынан 20 миллион сомдук жардам жөнөтүлдү. Кайрымдуулук иштерге жаштар да, улгайгандар да келип, колдон келген көмөгүн беришүүдө.Бул тууралуу штабдын координатору, коомдук ишмер Ашырбай Жусупов билдирди.

«Элдик штаб 29-апрель күнү түзүлгөн. Элдик штабда Баткен облусунан эле эмес, бардык облустардан жарандар бар. Бүгүнкү күнгө чейин 20 миллион сомго кайрымдуулук көрсөтүлдү. Бул жерде азык-түлүк, дары-дармек жана кийим-кече жана башка керектүү нерселер бар болчу. Бул кайрымдуулук фондуна жаштар, карылар — баары өздөрүнүн активтүүлүгүн көрсөтүп жатышат», — деди Жусупов.

Элдик штабдын уюштуруучусу Нуржан Абылкасымовдун айтымында, кыргыз-тажик чатагынан кийин Баткенге келген Жогорку Кеңештин депутаттарынын эл менен жолугушуусу учурунда элдин атынан сөз алган 14 адам, анын ичинде штабдын мүчөлөрү да калктын көйгөйүн айтып, ар кандай сунуштарды беришкен. Ошондой эле президенттин жана өкмөттүн дарегине 20 пункттан турган кайрылуу жөнөтүшкөн.

«Биз 20 пунттан турган кайрылууну өкмөткө жана президентке жолдодук. Кайрылуунун ичинде Баткендин эң көп жабыркаган Лейлек районунун айылдарын кайра калыбына келтирүү дирекциясын ачууну сунуш катары бердик. Ал жактагы айылдар такыр жараксыз болуп калды. Кечээ кайрадан айылга барып келдим, ал жактагы эл менен сүйлөшсөм, аларда коркуу, чочулоо сезими дагы деле байкалып турат. Жергиликтүү жарандардан жүрөгүндө дагы деле катуу сезимдер болуп турат, себеби эч ким эртеңки күнү жөнүндө, тынчтык жөнүндө кепилдик бере албай жатат», — деди Абылкасымов.

Ал эми «Лейлек жаштары» кыймылынын өкүлү Шайбек Юлдашев калктын кайгысын курал кылып, жеке кызыкчылыктарын көздөгөн шылуундардын да чыгып жатканын айтып кейиди. Ошондой эле базарда же көчөлөрдө «Баткенге жардам» деген шылтоо менен жеке чөнтөгүнө «иштеп» жаткандарга алдамчылык, айрыкча ыйык Рамазан айында ушундай иш менен алектенүү болуп көрбөгөндөй чоң күнөө экенин эскертти.

«Азыр көчөлөрдө же базарларда плакаттарды же коробкаларды көтөрүп алып «Баткенге жардам» деп акча чогултуп жатышат. Мындай алдамчылыкка жол бербөө керек. Ушундай кейиштүү нерсени колдонуп, өз кызыкчылыгына пайдаланып жүргөндөр көбөйүп жатат. Сиздер да алданбаңыздар. Биздин бир эле кеңсебиз бар, дарегибиз: Бишкек шаары, Фучик көчөсү, 7/7. Ошол жакка бардык каалоочулар келип, жардамыңарды көрсөтсөңүздөр болот», — деди Юлдашев.

Жыйындын аягында координациялык штабдын мүчөлөрү кыргыз элине терең ыраазычылыгын айтуу менен бул кырдаалдан чыгып кетишерине толук ишенимин билдиришти.

Белгилей кетсек, чек ара кагылышуусунда Баткенде жалпысынан 129 кыймылсыз мүлк өрттөнүп, талкаланган. Учурда өлкөнүн бардык аймактарынан жана дүйнөдөгү булуң-бурчундагы мекендештерден жардам келип, колдоо көрсөтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM