Биз менен байланышыңыз

Апалары таштап кеткен алты наристе Орусиядан Кыргызстанга алынып келинди

Кыска кабар | 4 мая 2021 | 1113 | 0

Орусиянын борбору Москва шаарындагы медициналык мекемелерден энелери таштап кеткен 5 айдан 2 жашка чейинки 6 бала Кыргызстанга алынып келинди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди. 

Балдарды өлкөгө алып келүү Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн жардамы менен уюштурулган. Аларды алгач балдар үйлөрүнө жайгаштырып, андан соң жакын туугандарын издөө иштери башталат. 

Белгилей кетсек, быйыл Ирактан 79 бала өз мекенине кайтарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM