Биз менен байланышыңыз

Чек ара чатагында документин жоготкондор акысыз жасата алышат

Кыска кабар | 4 мая 2021 | 255 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери Баткендеги чек ара чатагында жабыркаган айылдарды кыдырууну баштады.

Маалым болгондой, чатак учурунда документи жоголгон же жок кылынган жарандардарды тактоо иштери жүрүүдө. Мунун алкагында, үч этаптуу иш жүргүзүлөт: жарандарды калктын бирдиктүү реестрине каттоо; архивдик материалдар менен иштөө; жаранга документ берүү.

Лейлек районун кыдыруу учурунда көпчүлүгү документтерин жандарына ала кеткени, азыраагы гана документин жоготуп алганы аныкталды. Учурда Лейлек районунун Максат айылына көчмө мобилдик топ тартылып, жабырлануучуларга жеринде документтерди даярдап берүү боюнча арыздарды кабыл алып жатышат. Жарандарды документ берүү иштерине Мамлекеттик каттоо кызматынын Баткен, Лейлек райондорунун жана Сүлүктү шаарынын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тартылган.

Эскерте кетсек, жабыркаган жарандарга документтери акысыз берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM