Биз менен байланышыңыз

Орусиялык блогер эксперимент жасайм деп, ачкадан өлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 4 мая 2021 | 533 | 0

Орусиялык блогер Виталий Выграновский ачкадан өлдү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалым болгондой, ал таптакыр наар татпай, 40 күн жашап көрүүнү чечкен. Ачкачылыктын онунчу күнүндө Орусиянын абасы жакпай, Абхазияга жер которгон. Жыйырманчы күнүндө организми тазаланып жатканын сезгенин, өтө эле арыктап, күч-кубаты калбай баратканын өзүнүн каналына бөлүшкөн. Отузунчу күнүндө дене табы көтөрүлүп баштаган.

Отуз бешинчи күнүндө абалы оорлоп, көз көз жумуп кетери белгилүү болуп турса да, ачкачылыгын токтоткон эмес. Тилекке каршы, кыркынчы күнү бул дүйнө менен кош айтышкан.

Блогер Виталий Выграновский ачкачылык кармаган ар бир күнү «ВКонтакте»  баракчасына түз эфирге чыгып, абалын кабарлап турган.

Айта кетсек, 28-апрелде Орусияда өзгөчө Тик-ток тартууну көздөгөн 23 жаштагы блогер Степан Морков да жаңы видеосун тартып жатканда каза тапкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM