Биз менен байланышыңыз

17 жаштагы жигитти уурдап кеткендер колго түштү

Кыска кабар | 4 мая 2021 | 500 | 0

Адам урдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында үч шектүү кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Белгилей кетсек 3-майда «102» кызматына Бишкек шаарындагы Көлбаев көчөсүнөн 2004-жылы туулган жигиттин уурдалганы боюнча билдирүү түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда, жигитти белгисиз адамдар унаасына күч колдонуп салып кеткенин айтышкан.

Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында көп узабай 1991-жылы туулган С.И., 1997-жылы туулган У.К. жана 1992-жылы туулган А.Н. шектүү катары кармалды.

Бул факт Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 170-беренеси (адам уурдоо) менен катталып, учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM