Биз менен байланышыңыз

Баткен облусуна өзгөчө макам берүү мыйзамында эмнелер каралат?

Кыска кабар | 4 мая 2021 | 554 | 0

Баткен облусуна өзгөчө макам берүү каралып жаткан «Баткен облусунун макамы жөнүндө» мыйзам долбоору Президенттин тапшырмасы боюнча Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн натыйжалуу шарттарды түзүү зарылдыгынан улам иштелип чыккан.

2021-жылдын 2-апрелинде аталган мыйзам долбоору Өкмөттүн расмий сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган.

Коомчулуктан түшкөн сын-пикирлерди эске алуу менен мыйзам долбоор Өкмөттүн 3-майдагы 178-токтому менен толукталып иштелип чыккан жана жактырылган, ошондой эле Жогорку Кеңеште кезексиз тартипте киргизилген.

Мыйзам долбоору төмөнкүлөрдү карайт:

1.Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын күчтөндүрүү жана төмөнкүлөрдүн ыйгарылышы:

— өзгөчө функционалдык-административдик, уюштуруу-бөлүштүрүү ыйгарым укугу жана өзгөчө макам;

— мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн ишин жана укук коргоо органдары жана күч түзүмдөрү менен өз-ара аракеттешүүнү координациялоо боюнча ыйгарым укуктар.

2. Төмөнкүлөрдү эске алуу менен аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү:

— өнүктүрүү программасын мониторингдөө, баалоо жана көзөмөл жүргүзүүчү Координациялык кеңешти түзүү;

— жеңилдетилген каржылоо механизми;

— облусту өнүктүрүүнүн бюджетин уюштуруунун өзгөчө тартиби;

— Өкмөт тарабынан мамлекеттик кепилдиктерди караган өзгөчө салык режимин жана өзгөчө инвестициялык режимин киргизүү;

— товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууну ишке ашыруунун өзгөчө режими;

— Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө көрсөтүү боюнча өзгөчө жеңилдетилген режим;

— 2022-жылдан тарта жалпы билим берүү уюмдарынын жана маданият обьектилеринин имараттарын кармап турууга коммуналдык тейлөө жана чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке өткөрүп берүү.

Copyright © 2017 Maral FM