Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы: Баткен облусуна өзгөчө макам берилет

Кыска кабар | 4 мая 2021 | 452 | 0

Өкмөт Баткен облусуна өзгөчө макам берүү үчүн атайын чечим кабыл алып, документ даярдады. Бул туурасында премьер-министр Улукбек Марипов Көк-Таш (Төрт-Көчө) айылынын тургундары менен жолугушуусунда айтты.

«Тийиштүү чечимге мен кол коюп, парламенттин кароосуна жөнөттүк. Ал кабыл алынган соң, Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болот, анда салык жеңилдиктери да каралат», — деди Өкмөт башчы.

Марипов ошондой эле үйлөрү талкаланган же өрттөлгөн тургундардын бардыгына жаңы үйлөр куруларын билдирди.

«Кеп Баткен районундагы 30, Лейлек районундагы 70 үй тууралуу жүрүүдө. Учурда комиссия эсептөөлөрдү жүргүзүүдө, ал ишин жыйынтыктаары менен курулуш иштери башталат. Биз суук түшкүчө бардык иштерди аякташыбыз керек». 

Мындан тышкары учурда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери улантылып жатканын кошумчалады.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM