Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы: Баткендеги чатакта документин жоготкондорго көмөк көрсөтүлөт

Кыска кабар | 3 мая 2021 | 378 | 0

Кыргыз-тажик чатагында документи жоголгон же жок кылынган Баткен облусунун жарандарына өкмөт көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов маалымдады.

Өкмөт башчынын айтымында, чек арадагы окуя бир топ көйгөйдү пайда кылды. Мындан улам Мамлекеттик каттоо кызматына документтерди ыкчам калыбына келтирүү тапшырмасы берилди. Ага ылайык, мекеме туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү, паспорт сыяктуу документтерди ыкчам берүү үчүн чатактан жабыркаган аймактарга көчмө тейлөө борборлорун уюштурат.

Ошондой эле айдоочулук күбөлүк, техникалык паспорт алуусуна да көмөк көрсөтүлөт. Буга байланыштуу жергиликтүү бийликке документке муктаж жарандардын тизмесин түзүү милдети жүктөлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM