Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга кол салууга мурдагы талаа командири, генерал Шох Искандаров шектелет

Кыска кабар | 3 мая 2021 | 5729 | 0

Алынган маалыматтар боюнча, 29-апрелден 30-апрелге караган түнү таңга чейин болжол менен Баткен районундагы Зумрад санаториясынын тегерегиндеги Зумрад аймагында (Исфара – Чорку автоунаа жолунун бою жана Достук айылынын жаны, Карабак суусунун бою) Тажикстандын мурдагы талаа командири Шох Искандаров тизме жана аскер билеттери боюнча баскынчыларга (боевик), Ооганстандагы согуш ардагерлерине, Тажикстандын ар кайсы аймактарынан келгендерге 2 миң 400 даана Калашников автоматын тараткан.

Курал таратылгандан кийин 2500дөй адам Зумрад санаторийине жайгаштырылышы мүмкүн. Искандар Шох өзү жакын адамдары менен чогуу досу, анын тобунун мурдагы мүчөсү, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу ири каналдарды уюштурууга катышкан, 1969-жылы туулган, Зумрад аймагында жашаган Зайнидин Хажинин үйүнө токтогон.

30-апрелде Искандар Шох жетектеген адамдар үчүн чай уюштурулуп, кой союлган. Учурда алар Искандар Шохтон көрсөтмөлөрдү күтүп жатышат. Болжолдуу маалыматтар боюнча, алар 30-апрелде Ворух анклавы менен Тажикстандын негизги бөлүгүнүн ортосунда жайгашкан Ак-Сай, Көк-Таш, Таш-Тумшук, Орто-Боз, Көк-Терек кыргыз айылдарына кол салышмак, ошону менен аларды бириктирмек.

30-апрелде Эмомали Рахмондун өзүнүн көрсөтмөсү менен Искандар Шох жана анын адамдары кол салууларды уюштурушу керек болчу, бирок жогору жактан «мурда жүктөлгөн милдеттерди убактылуу токтотуу жөнүндө» буйрук келип түшкөн. Ошентип, Искандар Шохтун отряды Эмомали Рахмондун жаңы көрсөтмөсүн күтүп жатышат.

Белгилей кетүүчү жагдай, Искандар Шох бардык процесстерди, атап айтканда, Кыргызстандын чек ара айылдарына кол салууларды башкарат. Балким, 29-30-апрель күндөрү КР УКМКнын чек ара заставаларына кол салуу менен коштолгон Кыргыз Республикасынын аймагындагы каршы чыгуулар ири масштабдагы кол салуунун репетициясы болушу мүмкүн. Ал эми Баткен жана Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык бөлүктөрүндөгү чабуулдар – алаксытуучу маневр жана Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүнүн жана түзүлүштөрүнүн даярдык деңгээлин жана ырааттуулугун текшерүү болушу мүмкүн. 30-апрелде күндүз Баткен районундагы Бужум айылында жайгашкан КР Коргоо министрлигинин аскер бөлүгүнө кол салуу ыктымалдыгы жөнүндө текшерилбеген маалыматтар келип түшкөн.

Макаланын автору: Турат Акимов

Булак: knews.kg

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM