Жогорку Кеңештин «депутат айымдар форуму» Баткен облусунун жергиликтүү калкы үчүн гуманитардык жардам жиберди.
Ошондой эле чек арадагы чыр-чатактын жүрүшүндө жараат алгандар жаткан Бишкектеги ооруканаларга зарыл болгон медициналык дары-дармектердин тизмеси такталууда. Андан соң дарылар сатып алынып, медициналык мекемелерге берилет.