Биз менен байланышыңыз

Чек арадагы чатак. Кризистен чыгуунун жолдору

Коом , Саясат | 30 Апр 2021 | 1349 | 0

Кыргыз-тажик чек арасында 28-апрелде башталган жаңжал курч бойдон калууда. Учурда Лейлек районундагы аймактарда абал оор. Мамлекеттик жетекчилер маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү аракетин көрүп жатат. Бирок натыйжа байкала элек. Эксперттер кризистен чыгуунун жолдорун айтып, сунуштарын берүүдө.

Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов «Маралга» маек куруп, кыргыз-тажик чек арасындагы маселени чечүүнүн жолдору тууралуу ой бөлүштү. Ал кризисти чечүүнүн төрт жолун сунуштады.

«Аскердик басып алуу (военный захват). Азыр мына тажиктер ошол тактиканы колдонуп, маселени чечүүгө аракет кылып жатышат.

Тымызын басып алуу (ползучий захват). Тажиктер 30 жылдан бери ушундай ыкма менен ошол жерлерди алып жатат. Максаттуу түрдө колдонуп жатышат.

Андан тышкары, аймактарды алмашуу жолу бар.  Жер алмашуу – эң татаал, перспективасы жок жол. Себеби анда жерлер бирдей баада алмашылышы керек. Бул эмне дегендик? Жердин стратегиялык мааниси, аянты, чарбалык баалуулуктары боюнча, параметрлери боюнча бирдей жерлер алмаштырылышы керек. Азыркы жетекчилер жердин аянтына карап эле келишип коюп жатышат.

Мисалы, «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы балким 5-6 сотых же 50 сотка эле жер болушу мүмкүн, бирок анын стратегиялык мааниси аябай чоң да. Стратегиялык маанидеги 50 сотка жерди 100 гектарга да алмаштырбоо керек.

Жер алмашуу принциби ар дайым бирдей болбойт, ошондуктан аябай туура эмес саясат жүрүп кетти.

Сооронбай Жээнбеков президент, Жеңиш Разаков чек арага жооптуу болуп турганда чектеш аймактардагы талаш жерлерди чечүүдө жер алмашуу принцибин баштаган. Азыркы президент да эмнегедир ушул жолду колдонуп жатат. Бул башынан туңгуюкка кептелген жол болчу. Алмашуу – маселени чечүүнүн ордуна тескерисинче, кошумча көйгөй жаратты, ички-тышкы маселелерди пайда кылды, мамилебиз бузулду.

Өзбекстан, Тажикстан менен мамилебизди он эсе бузуп алдык. Бири-бирибизге ишенбей турган, душман боло турган абалга келдик.

Азыр мен бийликке каршы эмесмин, ушул бийлик ордунда калышы керек, бирок алар чек араны чечиши керек.

Бийлик чек араны мыкты билген, сабаттуу адистерди жанына алышы керек. Стратегиялык маселелерди, элдин, мамлекеттин коопсуздугун карай турган, 100 жыл, 50 жыл, жок дегенде 20 жылдан кийинки коопсуздук кандай болорун ойлонгон, билген сабаттуу кишилерди душманы болсо да жанына алышы керек. Акылдуу кишилерден коркпоо керек. Лидер акылдуулардан коркпойт. А биздин Кыргызстанда кесипкөй адистер толтура, бирок алар ишсиз жүрөт», — дейт Айжигитов.

Чектеш жерлердеги талаштуу аймактар алмашуу жолу менен гана чечилерин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев март айында брифингде айткан.

Жер алмашуу принциби Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда колдонула баштаган.

Мурдагы мамлекеттик катчы, чек ара маселелери боюнча эксперт Досбол Нур уулу кризистен чыгуунун бир эле жолу бар деген ойдо. Ал бул маселени сүйлөшүү жолу менен президенттер гана чечерин айтат.

Ошондой эле тажик тараптын ок атуусу Тажикстандын жетекчиси Эмомали Рахмондун макулдугу менен болгонун жана мындай окуя кайра кайталынышы мүмкүн экенин эскертет.

— Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен жериндеги чыңалууну токтотуп, маселени толук чечүү керек. Болбосо мындай окуя токтобойт, улана берет.

Албетте, жумушчу топ иштеши керек. Тынчтык жолу менен гана бир консенсуска келүү керек. Бардык чыр өлкө башчыларынын макулдугу менен гана чечилет.

Менин оюмча, Баткендеги кризисте Тажикстандын жетекчиси Рахмондун макулдугу менен ок атылды. Болбосо жөн эле ок атыла бербейт, болгондо да миномёт, пулемётторун колдонушту. Бирок Кудайга шүгүр, ырбап кеткен жок. Бир аз токтотууга аракет кылышты.

Эки мамлекеттин башчылары «мына тынчыды, макулдаштык» дегенден алыс болуп, бел байлап туруп чечсин. Экөө чече албаса, Өзбекстан, Казакстан, Орусия мамлекеттеринин ортомчулугу менен чечсин. Антпесе бул окуя токтобойт. Биз эгемендүүлүк алгандан бери жылына чыр-чатак катталат. Союздун мезгилинде да 3-4 жолу абдан чоң жаңжал чыккан.

Баткендин чегиндеги тездик менен тутанган куралдуу кагылыш Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө (ЖККУ) мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйналышы жүрүп жатканда башталды.

Аналитиктер бул жагдай атайын пландалган болушу мүмкүн экенин жана тажик президенти ЖККУ уюмундагы өлкөлөрдөн колдоо алышы ыктымалдыгын айтышууда.

Борбор Азия чөлкөмү боюнча эксперт Аркадий Дубнов «Настоящее время» каналына маек куруп, мындай чырды чыгарууга кыргыз тарап кызыкдар болгон эмес деген оюн айтты.

— Кыргызстан жетекчилиги туруктуу болбой турган жагдайда, УКМКнын жетекчиси Ташиев ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө кеткен учурда, өлкөдө ички саясий абал анча жакшы болбой турганда аскердик аракеттерди баштоого кызыкдар болмок беле? Бул алардын кызыкчылыгындагы иш эмес деп ойлойм. Азыр мендеги маалыматка караганда, тажик тарап оор техника менен миномет, тик учактарды колдонгону айтылып жатат. Өтө батыл башталган аскердик аракеттердин артында Тажикстандын Ворух анклавы менен байланыштырган жолду көзөмөлдөө кызыкчылыгы болушу мүмкүн.

Ошентип бийлик чек арадагы абал турукташты дегени менен жергиликтүү тургундар Лейлек районундагы айылдарда чыңалуу күч экенин, айрыкча Кызыл-Бел айылында ок атуу токтой электигин айтышты.

Жеринде УКМКнын жетекчиси баштаган топ тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Ал ортодо кримчөйрөсүндө белгилүү болгон мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев өз командасы менен Баткенге барганы да тастыкталды.

Саясат таануучулар мындай оор абал кечээ эле пайда боло калбаганын, чоң геосаясий оюндар жүрүп жатканын айтышат.

Саясий серепчи Марс Сариевдин пикиринде, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон азыр бийликке баласын тартып жаткан учуру. Ошол үчүн патриархалдык идеялогия менен ичтен жаңжал чыкпасын деген максатта ушундай конфликт баштады. Сырткы күчтөр түрткү болбосо, ал мындайга бармак эмес.

Тажикстан сырткы күчтөрдүн колдоосун алган

«Кыргыз-тажик элинин ортосунда чыккан чыр-чатактардын себеби Тажикстандын ички саясатынан улам болуп жатат деп ойлойм. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон азыр бийликке баласын тартып жаткан учур. Ошол үчүн патриархалдык идеялогия менен ичтен жаңжал чыкпасын деген максатта, ушундай конфликтти баштады. Мен оюмда бул жерде геосаясаттык оюн болуп жатат. Сырткы күчтөр түрткү болбосо Рахмон бул ишке барбайт болчу. Тажикстанда өткөн ЖККУнун сессиясында, уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери отурса жаңжалды баштап жатат. Демек, тажиктерде даярдык болгон».

Батыштын чоң геосаясий оюндары башталды

«Бул окуяда Орусиянын да, Батыштын да оюну сөзсүз болот. Себеби Тажикстанда оппозиция башын көтөрүп, ички чыр-чатак башталганы турат. Абал туруксуздашып, Ооганстан менен региондордун ортосунда чыр-чатак башталат. Ал кыргыз-казакка да таасирин тийгизет. Кийин Кытай менен чектешкен аймагы да көтөрүлөт. Бул — Батыштын чоң геосаясатынын башталышы. Орусия өзүнүн майда оюндары менен Батыштын геосаясатына жардам берип жатат».

Кыргызстан кандай саясат жүргүзүшү керек?

«Кыргызстанда учурда ички чыр-чатактар токтоп, күчтөр биригип турган убак. Түрк мамлекеттери сунган жардамды кабыл алсак, анда жогоруда айтылган батыштын геосаясий оюндарынын катышуучусу болуп калабыз. Алардын ою боюнча «Туранды» бириктирип, жыйынтыгында, Орусия менен Кытайга каршы буруу. Ошол үчүн азыр ЖККУ менен иштешкен туура болот. Бирок Орусия да өзүнүн майда кызыкчылыгын көздөп, чоң саясий оюнга кирип кетүү коркунучу турганын түшүнүүсү керек. Азыр чоң дестабилизация болушу мүмкүн. Фергана, Тажикстан, Ооганстан, Цзинзянь районун аймактарында».

Чек арадагы жаңжал суу же жер талашы эмес, чоң оюндун бир бөлүгү экени белгилүү болуп калды. Анын үстүнө өткөн жумадан тарта тажик бийлиги орус расмийлери менен байма-бай жолугуп жаткан.

27-апрелде Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу келип, тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолукту.

Азыр кырдаалды чечүүдө коңшу мамлекеттер ортомчу болууга даяр экенин билдирип жатышат. Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстан менен Тажикстандын жаңжалын чечүүдө ортомчулук кылууга даяр экенин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Шавкат Мирзиёев бардык маселелерди сүйлөшүү жана кеңешүү жолу менен гана чечүү керек экенин айтты.

Коомдук ишмер Руслан Акматбектин пикиринде, Кыргызстан — Тажикстанга караганда демократиялык өлкө. Бул артыкчылык дүйнө коомчулугу тарабынан эске алынат. Ошондуктан президент Садыр Жапаров кыргыз күйүтүн биричилерден болуп дүйнөгө угузуусу туура болот. Бул — дүйнөлүк практика.

— Кыргызстан Тажикстанга караганда алда канча демократиялык, эркин өлкөбүз. Жаманбы, жакшыбы, эл аралык коомчулукта аброюбуз бар. Ошол артыкчылыгыбызды колдонушубуз керек. Президент Садыр Жапаров демилгени биринчи алып, дүйнөгө күйүтүбүздү айтып бере баштаса, эл аралык коом Эмомали Рахмонго караганда бизге ишенет. Анткени Рахмон диктатор, бизде ачык-айкындык, сөз эркиндиги бар. Көңүлдү бурабыз, мен буга ишенем. Демилгени биринчи алышы керек. Рахмон антип чыкпайт. Анткени анын өзүнө суроо көп болот. Анын жашыра турган көп нерсеси бар. Биздики салыштырмалуу ачык-айкын. Дароо эл аралык журналисттерди жыйнап, биздин версиябызды угуусун камсыз кылуубуз керек. Рахмонго окшоп жашынып жатып албашы керек.  Кеч болуп калат, анан Ош окуясындагыдай болуп актыгыбызды далилдеп жүрүп өтүп кетебиз.

Президент Садыр Жапаров 30-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Президенттик аппарат өлкө башчылардын диалогу урматтоо принциптеринин негизинде жана ынак коңшулук маанайда болгонун кабарлады.

Тараптар май айынын экинчи жарымында Душанбе шаарында жолугушуу өткөрүүгө макулдашышты.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тараптардын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрү 1-майда Баткен облусунда өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM