Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы: Кырдаалды тынч жол менен чечүүнү сүйлөштүк

Кыска кабар | 30 Апр 2021 | 366 | 0

Татарстан мамлекетинин Казань шаарында өтүп жаткан Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында премьер-министр Улукбек Марипов кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырык таштады. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

«Сиздерге маалым болгондой, кечээ Кыргыз Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде куралдуу кагылышуу болуп өттү. Биз Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода менен түзүлгөн кырдаалды талкуулап, аны саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу тынч жол менен жөнгө салууга даяр экенибизди билдирдик», — деди Улукбек Марипов.

Ошондой эле ал кыргыз тарап ок атууну токтотуу, бир пикирге келүү боюнча макулдашууларды оң кабыл алып жатканын баса белгилеп, эки өлкөнүн жалпы тарыхы, салты бар экенин, коңшулук мамилени сактап калуу керектигин айтып өттү.

Белгилей кетсек, Улукбек Марипов 28-апрель кечинде Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Казань шаарына жөнөп кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM