Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрлери ок атышууну токтотуп, чек арадагы аскер күчтөрүн мурдагы жайларына кайтарууга макулдашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
28-29-апрелдеги эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасында орун алган окуялардан кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Тажикстандын Тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин сүйлөшүп, абалды дипломатиялык, тынчтык жолу менен жөнгө салууну макулдашты.
«Министр Казакбаев кыргыз тарап башка өлкөнүн жерине көз артпаганын, ошол эле маалда өз жерин бербесин айтты. Чек арага жакын райондордо коопсуздукту камсыздоо, эки элдин ортосундагы чыңалууга жол ачкан бардык маселелерди райондук, облустук, мамлекеттик деңгээлде чечүү макулдашылды», — деп айтылат маалыматта.
Ок атышуу кечки саат 20.00дө токтотулду.
Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда жабыркагандардын жалпы саны 31ди түзүүдө. Анын бир көз жумду.