Биз менен байланышыңыз

Бишкекте кулагы укпай калган жарандардын көйгөйү талкууланды

Коом , Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 1138 | 0

Биз бүгүн начар уккан же таптакыр укпай калган адамдардын «Кыргызстандагы дүлөй же начар уккан адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүү» аттуу жыйынына катыштык. Жыйынтыгында, мындай өзгөчө адамдар өтө позитивдүү, жөнөкөй жана таланттуу болоруна күбө болдук. Жыйынга парламенттин депутаттары, мамлекеттик кызматкерлер, дарыгерлер катышып, ар кандай курактагы дүлөй адамдардын маселелери козголуп, чечүү жолдору талкууланды.

Русланбек Курманбек уулу 30 жашта. Ал дүлөйлөрдүн атайын мектебин аяктагандан кийин Тургунбай Садыков атындагы Улуттук көркөм өнөр академиясынын искусство факультетинде билим алган. Учурда сүрөтчүлөрдүн өнөрканасында сүрөт тартып сатат. Тилекке каршы, пандемиянын кесепетинен иши өтө азайып, ал тургай токтоп калган. Атасы да майып болгондуктан, үй-бүлөсү Русландын тапканы менен тирилик кылып келишет.

Сүрөтчү Русланбек Курманбек уулу

 «Менин атым Руслан, мен 30 жаштамын. Мен сүрөтчүмүн. Үйдө тарткан сүрөттөрүм абдан көп, бирок аларды алып чыгып сатууга, акча табууга шарт жок болуп жатат. Адамдарда менин сүрөттөрүмдү сатып алууга мүмкүнчүлүктөрү жок болуп жатат. «ADRA Кыргызстан» ишканасы мага сүрөт тартууга атайын полотно жана боёкторду алып берди. Мен абстракт, этюд, авангард жана башка темадагы сүрөттөрдү тартам. Жүрөгүмдө кандай идея пайда болсо, полотного түшүрүүгө аракет кылам. Атайын ушул сүрөттү тартам деп отурбайм, жүрөгүм менен сезгенди гана ишке ашырам», — деди Курманбек уулу.

Дүлөйлөрдүн көйгөйүн чечүүнү максат кылган жыйынды «ADRA Кыргызстан» гуманитардык фонду уюштурган. Аталган фонд үч жылдан бери дүлөй же начар уккан адамдарга колдоо көрсөтүп, тренинг жана окутууларды уюштуруп, жардам берип келет. Фонд мамлекеттик органдар менен жана бизнес коомчулук менен биргеликте иш алып барат. Дүлөй же начар уккан адамдар үчүн акысыз кызмат көрсөтүлөт.

Кыргызстанда дүлөй же кулагы катуу адамдардын толгон-токой көйгөйү бар. Аларды чечүүгө мамлекеттин жана коомдун жардамы керек. Мындай пикирин фонддун жетекчиси Игорь Литвинов билдирди. Алар көйгөйлөр менен дайыма өздөрү гана күрөшүп келгендиктен, бүгүн алардын үнүн бийликте отургандарга жана коомчулукка жеткирүү үчүн ушул жыйынды уюштурушкан.

«ADRA Кыргызстан» гуманитардык фондунун жетекчиси

«Дүлөй жана начар уккан адамдардын көйгөйлөрүн айтуу — абдан маанилүү. Себеби булар жакшы укпаган же такыр укпаган адамдар жана алардын сүйлөөгө, көйгөйлөрүн айтууга мүмкүнчүлүктөрү да жок. Демек, ден соолугу чың адамдардын бардыгы бул көйгөйлөрдү мынчалык маанилүү деп эсептешпейт. Булар өз дүйнөсү, өз көйгөйлөрү бар адамдар жана көпчүлүк учурда ушул көйгөйлөр менен жалгыз калышат. Алардын маалымат алуу, билим берүү, жамааттык жана социалдык кызматтарга аралашуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан, жабык жамаат десек да болот. Ошондуктан биз бүгүн атайын маселе көтөрүп, мамлекеттик кызматкерлерди, дарыгерлерди жана дагы кызыкдар адамдарды чогулттук», – деди Литвинов.

Тегерек столго 20дан ашуун дүлөй жана начар уккан адам катышты. Ар бири чыгып, өзү кабылган көйгөйдү атап жатышты.

Кыргызстанда майыптар үчүн жөлөк пул 2 миң 700 сомдон төлөнөт. Албетте бул акча күнүмдүк жашоосуна таптакыр жетпейт. Аларды эң эле тынчсызданткан биринчи көйгөй: дүлөйлөр үчүн билим берүү системасы. Тактап айтканда, майыптарды окуткан мугалимдер өтө аз, ал эми сурдокотормочулар жокко эсе. Майыптардын баары мугалимдер менен чогуу көбүрөөк иш алып барууну, билим-маалымат алууну каалашат.

Экинчи көйгөй: ишке орношуу маселелеси. Коомдо майыптардын иштеп кетерине ишеним арткандар өтө аз санда. Ишкана ээлери көп учурда «дүлөйлөр менен байланышуу кыйын, алар укпайт» деген сыяктуу шылтоо менен жумушка албай коюшарын айтып беришти.

Бишкек шаардык дүлөйлөрдүн баштапкы уюмунун төрайымы Танзиля Халитова шаардык кеңеште жана Жогорку Кеңеште ушул катмардын кызыкчылыгын коргогон дүлөй депутаттын болушу маанилүү экенин айтат.

«Өкмөт дүлөйлөрдүн жашоосу жөнүндө билиши керек. Ал үчүн шаардык кеңеште жана Жогорку Кеңеште ушул катмардын кызыкчылыгын коргой алган дүлөй депутат болгону маанилүү. Өзү начар уккан адам башкалардын муктаждыктарын мыкты жеткире алат жана сурдокотормочу керектигин сезет. Республикада ар кандай тейлөө тармактары үчүн мамлекеттик түзүмдө сурдокотормочу болуусу зарыл. Маселен, доктурга, адвокатка, нотариуска жана сотко барганда. Азыр сурдокотормочуларды даярдай турган мекеме жок», — деди Халитова.

Айтылып жаткан көйгөйлөргө өзү да кабылып, жон териси менен сезген депутат Дастан Бекешев майыптар боюнча маселелерди Жогорку Кеңештин жыйынында дайыма көтөрүп келгенин билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш тарабынан атайын майыптар үчүн «Инклюзивдүү билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоору кабыл алынган. Жакында эле Өкмөт башчы «Сурдокотормочуларга айлык берүү жөнүндө» токтомго кол койгон.

 «Эми майыптар сурдокотормо кызматын акысыз ала алышат. Азыркы убакта министрликтерде реформа жүрүп жаткандан улам, ушул маселелер менен алектенгендер жана башка көптөгөн адамдар кызматтан алынууда. Ошондуктан азыр бул маселелер көңүл сыртында калды. Бирок бир-эки айдан кийин биз аны сөзсүз көтөрүп, маселени чечип, ишке ашыра баштайбыз», — деди Бекешев.

1937-жылы Кыргызстанда азиздер жана дүлөйлөр коому түзүлгөн. Учурда Кыргызстанда бул коомго 3 миң 750 дүлөй адам катталган, алардын ичинен 1000ден ашууну Бишкекте жашайт.

Белгилей кетсек, начар уккан же дүлөй адамдар спортту жана кыймыл-аракетти жакшы көрүшөт. Алар көбүнчө спорттун волейбол, футбол, теннис, шахмат, шашки сыяктуу түрлөрүн тандашат. Биз алардын кандай гана жагдай жаралбасын, дайыма позитивдүү, эмгекчил болорун байкадык. Ошол эле учурда дээрлик баары таланттуу келип, сөзсүз ар кандай өнөр менен алектенишет.

«ADRA Кыргызстан» гуманитардык фондунун эң башкы максаты өлкөдөгү дүлөй же начар уккан адамдардын жашоосун жакшыртуу, алардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө болуп саналат.

Сүрөтчү Руслан Курманбек уулунун эмгектери: 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM