Биз менен байланышыңыз

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Баткенге жөнөп кетти

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 333 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Баткен облусуна жөнөп кетти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Таш айылындагы чек-ара маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чыр-чатактардын күч алганынан байланыштуу министр Бообек Ажикеев жерине чыгып кетти.

Эскерте кетсек, ӨКМдин Баткен облусундагы үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан жалпы 16 куткаруучу жөнөтүлгөн.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам ушул саатка чейин Кыргызстандын 8 жараны ооруканага кайрылды. Бир адам үйдөн дарыланууга жөнөтүлүп, экөө Самаркандек жалпы дарыгерлик практика борборуна жаткырылды. Алардын абалы канааттандырарлык. Дагы бирөө Лейлек жалпы дарыгерлик практика борборуна жеткирилди, анын абалы орто оор. Калган 4 бейтап Баткен облустук ооруканасына жаткырылды.

Copyright © 2017 Maral FM