Биз менен байланышыңыз

Көк-Кумак жайлоосунда жер көчкүнүн жылуусу байкалды

Кыска кабар | 27 Июн 2019 | 403 | 0

Аламүдүн районунун Байтик айыл аймагына караштуу Көк-Кумак жайлоосунда жер көчкүнүн жылуусу байкалган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 30 миң метр кубду түзгөн. Адам өмүрүнө жана турак үйлөргө коркунуч жараткан жок.

Кырдаалдан кабар алган Өзгөчө кырдаалдар министринин Чүй облустук башкармалыгынын башчысы, Аламүдүн райондук бөлүмүнүн башчысы, Мониторинг департаментинен 2 адис, Аламүдүн райондук администрациясынын башчысынын орун басары жана Байтик айылынын башчысы жер көчкүнү жеринен көрүп келишти.

Буга байланыштуу кошумча маалымат берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM