Биз менен байланышыңыз

Памирден келген кыргыздарга паспорт берилди (сүрөт)

Коом , Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 679 | 0

Бүгүн, 28-апрелде Улуу жана Кичи Памирден көчүрүлүп келип, учурда Алай районунун Талды-Суу айылында жашап жаткан кыргыздарга паспорт берилди. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов 4 адамга ички жарандык паспортторду тапшырды. Мындан сырткары бардык этникалык кыргызга азык-түлүк таратылды.

Жарасул Абдураимовдун айтымында, эми памирлик кыргыздардын жаш балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилет.

«Эми жаш балдарга күбөлүк беребиз. Мындан сырткары Памирден келген туугандарыбызды жумуш менен камсыз кылуу пландалууда. Негизинен Талды-Суу айылында жашап жаткан памирлик кыргыздарга бардык шарттарды түзүп берүү иштери алгылыктуу жүрүп жатат деп ойлойм», — деди Жарасул Абдураимов

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 16-апрель күнү Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө Жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 111 адам, алардын 60 чоң киши жана 51 бала өлкө жарандыгын алышты.

Алардын баары — Ооганстандан жана Кытайдан келген этникалык кыргыздар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM