Биз менен байланышыңыз

Банк кызматкерлери туш болгон көйгөйлөрдү аташты

Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 428 | 0

Бүгүн, 28-апрелде Премьер-министр Улукбек Марипов банк тармагынын өкүлдөрү менен банк тутумун санариптештирүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы туруу максатында кабыл алынган чектөө чаралар дүйнөдөгү, анын катарында Кыргызстандагы экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшүнө алып келгенин баса белгиледи.

«Калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында банк тутумун санариптештирүү боюнча олуттуу реформаларды жүргүзүү зарыл», — деди Улукбек Марипов.

Банк кызматкерлери банк тутумун санариптештирүү боюнча негизги тоскоолдук катары мамлекеттик органдардагы бюрократиялык создуктурууларды, ошондой эле бирдиктүү иш алып бара турган органдын жоктугун белгилешти. Ошондой эле «Түндүк» мамлекеттик ишканасынын ишине карата сын-пикирлерин билдиришти. Премьер-министр аталган маселе каралып жатканын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM