Connect with us

Тажикстан Кыргызстандын элчисине нааразычылык нотасын тапшырды

Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 3415 | 0

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын элчиси Жаныш Рустенбековго нааразычылык нотасын тапшырды. Маалымат Тышкы иштер  министрлигинин сайтына жарыяланды.

Маалым болгондой, Жаныш Рустенбеков Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылып, анда Кыргызстандын чек арачылары Тажикстандын жашы жете элек эки жаранын сабагандыгына байланыштуу нота алган.

«Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын чек ара кызматкерлеринин Ворух аймагында тажик өспүрүмдөрүнө мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаганына байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирет», — деп айтылат нотада.

Бирок маалымат каражаттарында тараган кабардан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда Тажикстандын чек ара кызматы расмий түрдө мектеп окуучуларын кыргыз чек арачылары кармап алып, уруп-согуп суракка алышкан деген маалыматты четке каккан. Ошондой эле тажик тарап «фейк» маалымат тарап жатканын моюнга алган.

Буга чейин тараган маалыматта 8-класста окуган эки окуучуну 25-апрелде мал жайып жүргөн жеринен кыргыз чек арачылары кармап алып, уруп-согуп суракка алышканы айтылган.

Кошумчалай кетсек, Баткен облусунун Лейлек районунда 19-21 жаштагы жигиттер 24-апрелге караган түнү чек арага жакын аймакта курулуш материалдарын коргоп жаткан жеринен дайынсыз жоголгон. Эки жаранды 24-апрелдин кечинде Тажикстандын күч кызматтары алып кеткени маалым болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин бошотулган. Алар менен бирге Тажикстанда кармалып турган алты кыргыз жараны бошотулган. Жарандар кайтып келгенден кийин Тажикстандын аскер кызматкерлери өз аймагында кармап турган учурда ур-токмокко алып, аскер бөлүктөрү тууралуу суроолорду узатканын жергиликтүү журналисттерге айтып беришкен.

Кыргызстандык эки жаранды уурдоого байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Душанбеге нота жиберген.

Copyright © 2017 Maral FM