Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Санарип Кыргызстан-2021» улуттук кибер машыгуу өтүп жатат

Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 259 | 0

Бүгүн, 28-апрелде Бишкекте биринчи жолу «Санарип Кыргызстан-2021» улуттук кибер машыгуу тренинги башталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-29-апрелде өтө турган эки күндүк тренинг жогорку окуу жайлар, жеке сектордун өкүлдөрү, БУУнун Эл аралык телекоммуникация биримдиги жана «Softline» ЖЧКсынын техникалык оператору, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте УКМКнын киберкоопсуздукту координациялоо борбору тарабынан уюштурулган.

«Иш-чаранын негизги идеясы жана максаты — мамлекеттик органдардын киберкоопсуздук маселелери боюнча өз ара байланышын чыңдоо, тажрыйба алмашуу, көйгөйлүү маселелерди карап чыгуу жана оптималдуу чечимдерди табуу болуп эсептелет. Өлкөнүн киберкоопсуздугун камсыздоо бир эле департаменттин милдети эмес, менчиктеринин түрүнө карабастан, бардык мамлекеттик органдардын жана уюмдардын милдети экендигин түшүнүү керек», — деди УКМКнын киберкоопсуздукту координациялоо борборунун директору Жаныбек Жоробаев.

«COVID-19 пандемиясы үйдөн онлайн режимде билим алууга жана онлайн кызматты колдонууну көбөйтүү менен интернеттин колдонулушунун жана коомубуздун жашоо-турмушунун кескин өзгөрүшүн көрсөттү. Тиешелүү түрдө, ошондой эле киберкоопсуздукка байланыштуу жаңы көйгөйлөрдү чечүү зарылдыгы белгиленди», — деди ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс.

Иш-чарага Президенттин аппаратынын, Коопсуздук Кеңешинин, Өкмөттүн, Мамлекеттик санариптик өнүгүү кызматынын жана башка министрликтер менен мекемелердин өкүлдөрү чакырылган.

Машыгуу мамлекеттик программаларды, «Санарип Кыргызстан — 2019-2023» трансформация концепциясын жана 2019-2023-жылдарга киберкоопсуздук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM