Биз менен байланышыңыз

Жарнак кагаздан «Тазалык» кызматкерлеринин портрети жаралды (сүрөт)

Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 447 | 0

«Тазалык» кызматкерлеринин портретин сүрөтчү Дмитрий Петровский жарнама кагаздарынын айрындыларын курап отуруп жараткан. Бул тууралуу «Art-group DOXA» өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады.

Маалым болгондой, сүрөтчү Дмитрий Петровский 2018-жылдан бери Бишкектеги жарнактарды жана плакаттарды чогултуп жүргөн.

«Жарнама кагаздары аркылуу ушул таштандыларды чогулткан адамдардын портретин тартты.  Булар — дүйнөнүн бурулуштарына, пандемияга, майрамдарга карабай, «Тазалыкта» 10 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жаткан Ибраим менен Ирсалат Кадыровдор. Булардын ар бир күнү философия», — деп жазылган маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM