Биз менен байланышыңыз

Эртең Бишкектин эки көчөсүндө суу токтойт

Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 308 | 0

Эртең Бишкектин эки көчөсүндө суу токтойт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жай мезгилине даярданууга жана суу түтүктөрдү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу эртең, 29-апрелде саат 10:00дөн кечки 20:00гө чейин эки аймакта суу убактылуу берилбейт.

• Биринчи аймак — Токтоналиев, Шакиров жана М. Гшлиессер көчөлөрүнүн Ахунбаев бөлүгү;

• Экинчи аймак — Ахунбаев — Ч. Айтматов проспектиси — Ала-Арча дарыясы.

«Бишкек суу канал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM