Биз менен байланышыңыз

«Азыркы бийликтин ар бир кадамында ката бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Апр 2021 | 429 | 0

Азыркы бийликтин ар бир жасаган кадамы ката болуп, рейтинги түшүп жатат. Мындай пикирин юрист Клара Сооронкулова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коомчулук тарабынан азыркы бийликтин ар бир кадамы микроскоп алдында каралууда. Референдум, шайлоо учурунда элде бийликке болгон ишеним, үмүт чоң болчу. Бирок азыр коомдун көңүлү калып, ирээнжигени күндөн күнгө көбөйүүдө.

«Биздин коом аябай өзгөчө. Азыркы бийликке болгон ишеним референдум, шайлоо учурунда абдан жогору болду. Бардык нерседен тажап, эч кимге ишенбей калган эл дагы бир ишеним, чоң үмүт менен бийликти алып келди. Азыр болсо, алардын ар бир жасаган кадамы ката болууда. Бийликтин рейтинги түшүп жатат. Аны бийлик да азыркы күндө түшүнүп калды», — деди Сооронкулова.

Сооронкулова шайлоолордун эч кандай мааниси жок экенин, себеби коомчулукта «эгерде бийлик жакпаса, бат эле алып салабыз» деген түшүнүк калыптанып калганын, мунун баары чоң коркунуч экенин белгиледи.

«Шайлоолордун эч кандай мааниси жок. Элде: «Эгерде бийлик бизге жакпай калса, эртең көтөрүлүп, бул бийликти алып салабыз, башка бийликти алып келип коюп коебуз», — деген туура эмес түшүнүк калыптанып калды. Кайсы гана бийлик болбосун, сөзсүз түрдө шайлоо, тандоо жолу менен келиши керек», — дейт Сооронкулова.

Ошондой эле эл өзү туура шайлай албаганына, ишенгени эле «революция» болуп калганына кейиди.

Copyright © 2017 Maral FM