Биз менен байланышыңыз

«Президенттин жанында татыктуу кадр жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Апр 2021 | 500 | 0

Азыркы президенттин жанында жакшы иштей турган адам жок болгондуктан, кадр саясаты начар болуп жатат. Мындай пикирин Конституциялык палатанын мурдагы жетекчиси Клара Сооронкулова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында,»саясатка барам, мамлекетти башкарам» деген адам өзүнүн командасын бир топ жылдар бою түптөп, анан бийликке келет. Азыркы президент күтүүсүз жерден шайланып калганына байланыштуу тегерегинде иштеп бере турган, ишке жарай турган адамдар байкала элек.

«Негизи өлкөнү башкарам деген адамдын жанында жок дегенде маанилүү кызматтарга дайындала турган 10 киши керек. Азыркы президент болсо өзүнө да, коомго да күтүүсүз жерден мамлекет башчы болуп шайланып калды. Ошондуктан азыркы президенттин жанында жакшы иштеп бере турган адамдарды көрө элекмин. Ошол себептен кадр саясаты абдан начар. Көчөдө бакырып жүргөн адамдарды деле кызматтарга дайындап жатат. Ал эми биз билебиз, кандай саясат болбосун, бардык нерсени кадр чечет», — деди Сооронкулова.

Ошондой эле Сооронкулова буга чейинки өлкө башчыларды салыштырып, ошол убакта да кадр саясаты аксап келгенин айтты.

Ал кошумчалагандай, эгерде азыр кызматка күчтүү, билимдүү жаштарды алып келбесек, мамлекетти туңгуюктан чыгарып кете албайбыз.

Copyright © 2017 Maral FM