Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 20 миңден ашуун жаран коронавируска каршы эмделди

Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 286 | 0

Кыргызстанда акыркы бир суткада 20 миң 130 адам коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, өлкө боюнча жалпы 20 миң 458 адам эмделсе, анын ичинен 606сы вакцинанын экинчи дозасын алды.

Аймактар боюнча алганда:

— Бишкекте – 392;

— Ош шаарында – 217;

— Чүй облусунда – 2 601;

— Ош облусунда – 4 765;

— Ысык-Көл облусунда – 1 668;

— Талас облусунда – 857;

— Нарын облусунда – 872;

— Жалал-Абад облусунда – 3 364;

— Баткен облусунда – 1 222 адам эмдөөдөн өттү.

Эскерте кетсек, 29-мартта калкты коронавируска каршы эмдөө үчүн Кытайдын «Синофарм» вакцинасынын 150 миң дозасы келген.

Ал эми 22-апрелде Орусия «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасын жөнөткөн.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM